Ушу шейшемби күнү мурунку премьер-министр Сапар Исаковко карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча анын адвокатынын өтүнүчүн Биринчи май райондук соту карады. Конвойлордун коштоосунда колуна кишен салынган Сапар Исаков сотко жаркырап келип, жаркылдап чыгып кетти.
Ал күнү соттук процесс кечки 17ге чукул башталып күүгүм кирип баратканда аяктады. Отурумда айыптоочу тарап С. Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранды. Жактоочулар тарабынан «кайсы фактынын негизинде камакта калтыруу мөөнөтү узартылганы жатат?», «үй камагына чыгаруу менен деле тергөөнү жүргүзө берсе болот да?» деген сыяктуу суроолор айтылганын адвокат Н. Токтоакунов билдирди. Бирок, Биринчи Май райондук сотунун судьясы, айтылуу Айбек Эрнист уулу «ал качып кетиши мүмкүн, мен ушинтип ойлоп атам», «я думаю так…» деген бир айыптоочунун айткан эч бир далилсиз өтүнүчүн өндүрүшкө киргизип, ошонун негизинде чечим кабыл алганын Н. Токтакунов билдирди. Ошентип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр С. Исаковдун абактагы мөөнөтү боюнча баш коргоо чарасын карап, аны 5-октябрга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарды.
Эске сала кетсек, 2018-жылдын 29-майында Бишкек ЖЭБ модернизациясындагы коррупция фактысы боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаковго КР КЖК 303 берене 1 б. менен кылмыш иши козголгон.
5-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктагыча УКМК тергөө абагына киргизилген.
13-июнда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Андан соң Жогорку сот экс-премьер-министр Сапар Исаковду ушул жылдын 5-августуна чейин камакта калуу тууралуу биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ