Menu

Азимбек Бекназаров, экс-башкы прокурор: “Күзүндө Текебаев, Талгарбеков, Асанов сындуу саясатчылар мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыгышат”

Бөлүшүү:

Айтылуу Азикеде айбатынан жазбаган эр жүрөктүк сапат бар. Анын табият тартуулаган андай сапатынан кай бийлик болбосун чочулашып, хан ордого жолотушпай, окчундатып коюшат. Маектешим азуулуу жүрүшү менен бүгүн да сырттагы саясат боюнча соболдорума так чекеге кадагандай чыкыйта жооп узатты. Эмесе, табынан кайта элек каарманымдын ынанымдуу пикирлерине төмөндө бирге ортоктош болуңуз.

— Азике, 31-август эгемендүүлүк майрамына карата Атамбаевдин доорунда саясый куугунтуктун негизинде камакка алынышкан Текебаев, Талгарбеков, Кадыров баштаган саясатчыларга мунапыс берип, эртелей абактан чыгарса болобу? Ушул жагы мыйзамда кандай каралган? Тажрыйбалуу юрист катары ушул көрүнүштү чечмелеп бербейсизби?

— Биринчиден, камакта жаткан ошол эле сен атаган саясатчылар мунапыска муктаж эмес. Экинчиден, кандай гана мунапыс кабыл алынбасын, ал конкреттүү саясатчыларга же саясый куугунтуктагыларга деп чыгарылбайт. Кылмыштардын түрлөрүнө, мисалы, анча оор эмес, жеңил, материалдык зыяны жок кылмыштарга мунапыс чыгарылат. Ошол эле маалда кандай гана мунапыс чыкпасын жогорудагы сен атаган адамдарга да баары бир таасир этет. Анткени, жогорудагы сенин сурооңдогу саясатчылардын ишинде бирөөсүндө да мамлекетке келтирилген материалдык зыяндар жок. Андыктан, аттары аталган саясатчыларга байланышкан иштердин кандайдыр бир бөлүгү кыскартылат. Мен билгенден Бекболот Талгарбековдун тобу, Өмүрбек Текебаевдин, Бектур Асановдун тобундагылар күзүндө ансыз деле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн эрте эркиндикке (УДО) чыгышат. Анткени, булар мойнуна илинген жазаларынын жарымынан көбүн отуруп, өтөп коюшту. Андыктан, абактагы бир катар саясатчылар сөзсүз түрдө мунапыс кабыл алынбаса деле күзгө чейин өздөрү эле чыгышат.

— Бишкек ТЭЦине байланыштуу козголгон иштин эпкини менен экс-премьерлер баш болгон бир катар аттуу-баштуулар катар-катары менен абакка киришпедиби. Сиздин бир катар юрист кесиптештериңиз “ТЭЦке байланыштуу козголгон кылмыш ишинин келечеги жок, азыркы камоолор саясат үчүн гана болууда” дегендей пикирлерин билдиришүүдө. Мындай пикирлерге тажрыйбалуу юрист катары оюңуз кандай?

— Дал ушул иштердин айланасында парламентте ызы-чуу болуп жатканда  сырттан келген насыялар парламенттен ратификация болгон. Бул боюнча саясый жоопкерчиликти депутаттар өздөрүнө алышы керек болчу. Сырттан келген каражаттар парламенттен ратификация болгондон кийин ал мыйзамдуу түрдө биздин акча болуп калат да, мамлекеттик казынадагы ал каражатка Жогорку Кеңеш менен өкмөт кожоюн болушат. Мен тээ ала жазда эле бул иштер боюнча ызы-чуу көтөрүлгөндө Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти өзүнө алышы керектигин билдиргем. Бүгүн бул иштердин баарысын кеткен Атамбаевге, анын жакындары менен айланасындагыларга карата багытты бурушканы туура эместигин ачык айткам. Атамбаев эч убакта ага жооп бербейт. Анткени, Атамбаев өкмөт башчы болгон эмес, эч кандай келишимдерге кол койгон эмес, ратификацияга добуш берген эмес. Ошондуктан, юридикалык жагынан биз Атамбаевди эч нерсе кыла албайбыз. Бирок, ошол эле маалда Бишкек ТЭЦинде ызы-чуу болуп жатканда бул иштер боюнча коомчулуктун негизги көңүлүн “баардык иштерге Атамбаев күнөөлүү” дегендей кылып, элдин ага карата жек көрүү сезимин күчөтүп, “жакында экс-президент да камалат экен” деген кептер курчуп, парламенттен анын кол тийбестиги боюнча да сөздөр чыгып кетти. Айтор, бул жагынан чоң саясый ызы-чуу кылышты. Туура, өзүң айткандай, экс-премьерлерди, бир катар жетекчилерди жоопко тартышты. Бирок, андан бери Бишкек ТЭЦи боюнча парламент менен сырттагы айрым саясатчылар (Атамбаевдин тушунда тилин тишине катып отургандар) көбүрөөк ызы-чуу болушту. Бул иштерди укук коргоо, тергөө органдары азыраак сөз кылышты. Ошондуктан, мен дагы бул иштердин келечеги кыйын, ишке ашырыш андан бетер кыйын деп айта алам. Дагы айтам, анткени, бул иштер өтө эле саясатташып кетти.

— Мынчалык чуу жаратпай, прокуратура баштаган күч органдары менен адилеттүү тергөө аркылуу баарына мыйзам чегинде жаза колдонгонго болот беле?

— Албетте, болмок. Коомчулукка шум кылып, ызы-чуу кылбастан ишти тергей берсе болот болчу. Андай болбой, саясатка айланып кетти. Эми мунун аягына чыгыш кыйын. Саясатка айланып кеткен мындай ишке саясый тажрыйбасы бар, коркпогон, бизге окшоп мамлекеттин жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөрүн улутташтырган юрист керек. Бирок, биз азыр андайды көрбөй жатабыз да. Бир дагы укук коргоо органдарынын жетекчилеринин күпүлдөп эл алдына чыгып, “бул иштер тергелип бүттү, сотко өткөрдүк, тигиниси мындай экен” дегенин укпай жатабыз го. Укук коргоо органдарыбыздын жетекчилеринен бирөөсү да мындайды айтканга даашкан жок. Журналисттер аркылуу чыныгы маалыматтарды ошол жетекчилер коомчулукка жарыялашы керек болчу. Андай болбостон “Жантөрө Сатыбалдиев көбүрөөк күнөөлү, Сапар Исаковдун мынчалык деңгээлде күнөөсү бар” дешип, иштин жагдайы парламенттен көтөрүлүп калды. 2010-жылдагы 7-апрель революциясынан соң Максим Бакиевдин иши каралып жатканда да тергөө парламентте же коомдук жерлерде болгон эмес. Мен анда коомчулукка баш прокуратура баштаган тергөө органдарынын куратору катары Бакиевдерден алынган мүлктөрдү, эски бийлик өкүлдөрүнөн кайтарылган каражаттар боюнча чыныгы маалыматтарды айтып тургам. Бүгүн бирөө ошентип кеңири маалыматтарды айтып жатабы? Укук коргоо органдарынын жетекчилери харизмалуу саясатчы да болуулары керек. Анткени, чоңураак саясатташып калган иштерге тажрыйбалуу, премьер-министр же депутаттан коркпогон, керек болсо экс-президент же башкаларына айып коюп, жасаган кылмыштарын тарсылдап айтып турган укук коргоо органдарынын жетекчилерин биз бүгүн уккан жокпуз. Болгону парламент депутаттарын гана уктук. Бул саясат болуп калды. Ошондуктан, биздин КЭК уюму бир эле Бишкек ТЭЦи боюнча эмес, Кумтөр баштаган бир катар чуулгандуу иштерге да чекит коюп, иш козготуу боюнча парламент менен президентке арыз менен кайрылып, өлкө башчынын күзүндөгү бир жылдык ишинин жыйынтыгында жалпы элге отчет берүүсүн талап эткенбиз. Биз буюрса күзүндө жалпы улуттук деңгээлдеги чоң Курултайда коомчулук менен биргеликте мунун жообун угабыз. Эгер жогорудагы иштердин аягына чыга албай калса, анда багыт азыркы президенттин өзүнө бурулат. Андай шартта экс-президент Атамбаевдин үнү чыга баштайт. Ошондуктан, укук коргоо органдарынын жетекчилери эмитен ар бир козголгон иш боюнча жоопкерчиликти алып, козголгон иштерде кылмыштын курамы жок болсо, коркпой эле Сапар Исаков болобу, же Жантөрө Сатыбалдиеви болобу, кылмышы жок экени далилденсе, коомчулук, парламент ызы-чуу кылганга чейин күтүп отурбай аларды чыгарыш керек эле. Анан калса жогорудагы козголгон кылмыш иштер боюнча азыркылар башынан ээрге кыйшык отурушкан. Укуктук жактан фундаменти начар, көбүрөөк саясый жакка ооп кеткен. Мунун баары бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбековдун айланасында мыйзамды билген күчтүү, тажрыйбалуу юрист-кеңешчиси жоктугунан улам болуп жатат деп эсептейм. Азыр бийликке жаштарды алып келип эле коюп жатышпайбы? Алардын көбү мындай иштердин эмне экенин билишпейт. Азыркыдай чоң кылмыштарда президенттин айланасында тажрыйбалуу адистер керек болчу. Алардан кеңеш алып, “мындай нерселерди азыраак ызы-чуу кылалы, мунун келечеги кыйын болуп калат” деп айтышы керек эле. Бүгүн ошондой адистер президент Жээнбековдун айланасында жок болуп жатат.

— Экс-президент Атамбаевди бүгүн бир кездеги командасы, айрыкча парламент менен Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДПчы депутаттары чагылгандай тездикте сатып кетишти. Бир кездеги Убактылуу өкмөттөгү сиз сыяктуу өнөктөштөрүн Атамбаев бийликке жеткен соң сатпаса, сиздер ал киши үчүн азыркыдай оор шартта “туруп берет” белеңиздер?

— Эгер биз Атамбаев бийликте турганда анын айланасында болсок, анын жүздөгөн катачылыктарына, авторитаризмди курушуна, өзүмбилемдик жүрүштөрүнө команда катары эч качан жол бербей, тизгиндеп турат элек. Өзгөчө журналисттерге кысым, саясатчыларга карата саясый куугунтукту кылдыртпайт элек. Тээ 2010-жылдын 7-апрелинен соң алгачкы бир-эки жылда биз бийликте турганда аны кылдырткан жокпуз. Аны баарыңар билесиңер. Көрсө, Атамбаев ошондо эле ичинен бизди душман санап, “булар айланамда турса өзүм каалаганымдай авторитардык режим орнотконго мүмкүнчүлүк берип, иштетишпейт” деген ой менен бизди жолоткон жок. Бизден кутулган соң айланасына баягы эле Акаев менен Бакиев доорундагы “хоп майли!” деп тизе бүгүп, келиндей жүгүнгөндөрдөн команда курады эле, алары азыр “шалп” этип Сооронбай Жээнбековго өтүп кетишти. Атамбаевди кызылдай сатып кетишти. Булар мурдагы Акаев менен Бакиевди да ошентип сатышкан. Бул боюнча маалымат каражаттарына берген маектеримде да “азыркы парламенттеги депутаттардын 70% туруктуу позициясы жок, күнкарама, саясый сойкулар” деп айткам. Акча, бирөөлөрдүн жардамы менен парламентке келишкен, бүгүн алып келген кишисинин колунан келбей калдыбы, кайра ооматы келген кишиге ооп кете беришет. 2012-жылы андагы президент Атамбаевге ачык кат жазып, “Унчукпай коюуга укугум жок I” деген китебим аркылуу да “Алмаз досум, улут, бүтүндөй өлкө чоң коркунучта. Азыркы айланаңа топтоп алган командаң буга чейин сатып көнүп калышкан, сени бир учурда жөн гана семичкедей сатат” деп эскерткем. Ошондогу Атамбаевге карата каккан коңгуроомдун жыйынтыгы бүгүнкү күндүн турмуш чындыгына айланганына мына баарыңар күбө болуп отурасыңар.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: