Menu

Марат Мураталиев, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Президентибиз баш болгон аткаминерлер “Манас Ордого” зыяратка келип турушат”

Бөлүшүү:

Биздин гезиттин өлкөбүздүн туш-тарабындагы регион жетекчилери аркылуу аймактардагы абалдан кабар алуу салты бар. Мындай саамалыкка бул сапар Талас дубанын башчысы илинди. Губернатор Марат мырза бул жагынан ток этер маалыматтары менен бөлүшкөнгө жарады. 

— Марат мырза, оруп-жыйноо өнөктүгү башталды окшойт. Талас облусундагы түшүмдүүлүк жагы кандай болуп жатат?

— Талас облусунун аймагында бүгүнкү күндө айылдык товар өндүрүүчүлөр тарабынан өстүрүлгөн кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Облус боюнча 2018-жылы кылкандуу дан эгиндеринин жалпы аянты 7380 гектарды түздү. Анын ичинен 5112 гектар буудай, 2253 гектарына арпа себилген. Кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыюуга 177,12 тонна күйүүчү май керектелсе, ал  “ПартнерНефть” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишканаларында жетиштүү өлчөмдө бар. Баардык райондордо кылкандуу дан эгиндерин жыйноо боюнча план-графиктер иштелип чыккан. Ал график боюнча Манас районунда 2018-жылдын 6-июлунан баштап чабыла баштаса, Талас районунда климаттык шарттарга байланыштуу 1-августтан тарта башталат. Биздин аймакта оруп-жыюу 10-сентябрга чейин уланат. Бүгүнкү күндө 4179 гектар кылкандуу дан эгиндеринин аянттары жыйналып, жалпы аянттын 56,6%ын түздү. Түшүмдүүлүгү орточо эсеп менен 27 центнерден айланып, дүң жыйым 11250 тоннаны түздү. Кудай буюрса, түшүмдүүлүк жаман эмес.

— Борбордук бийлик тарабынан жергиликтүү деңгээлдеги чиновник, жетекчилерди кадрдык ротациялоо башталды. Кезек сизге келсе дайындаган жакка кете бересизби же кичи мекениңизден алыска чыккыңыз келбейби?

— Мамлекеттик кызматкер болгондон кийин президентибиз, өкмөт башчыбыз ишеним артып Кыргызстандын кайсы аймагына жиберсе да ак дилимден “каруумду казык кылып” иштеп берем. Касиеттүү Талас жергеси кичи мекеним экени чын, бирок, биз эч убакта кокту-колотко бөлүнбөшүбүз керек. Өлкөбүздүн ар бир жараны “мен кыргызстандыкмын” деген сезим менен жашаганда гана ийгиликке жетерибиз шексиз. Андыктан, күнөстүү мекенибиздин кайсы жеринде болсо да элим үчүн, мамлекет үчүн ак кызматымды кылууга ар дайым даярмын.

— Таластагы “Манас Ордо” баштаган касиеттүү ыйык жайларга зыярат кылууга келгендердин агымы кандай, алардын катарында кыргыз чиновниктери да барбы?

— “Манас-Ордо” чындыгында эле элибиздин руханий баалуулугунун туу чокусу. Андыктан, улуттук комплексибизди ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Максатыбыз — туризмди өнүктүрүү, комплекстин инфраструктурасын жакшыртуу аркылуу туристтердин агымын көбөйтүү. Ал үчүн аталган комплекстин инфраструктурасын жакшыртып, кошумча имараттарды, этно-шаарчаларды куруу жагы долбоорлонууда. Быйылкы жылы “Манас Ордого” 2600 түп ак кайыңдын көчөтүн отургуздук. Улуттук комплекстин жанындагы “Кароол-Чокуга” флагшток орнотуу жагы да каралууда. Ал эми туристтердин санына токтоло турган болсом, өткөн жылы 121 миң 700 адам зыяратка келишкен. Алардын ичинен 2815 адам чет элдик туристтер. Быйылкы жылдын 6 айында 49 миң адам зыяратка келди. Алардын ичинен 700 адам чет өлкөлүктөр. Жылдын аягына чейин туристтердин саны былтыркы жылдын деңгээлинде болуусу күтүлүүдө. Жогоруда белгилеп өткөндөй, “Манас Ордо” кыргыз руханий дүйнөсүнүн туу чокусу болгондуктан президентибиз баш болуп, баардык эле аткаминерлер зыяратка келип турат. Анткени, мында “курама жыйып журт кылган, кулаалы таптап куш кылган” Айкөл Манас атабыздын күмбөзү жайгашкан.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: