Бишкек ЖЭБдеги жаңы химиялык суу тазалоочу (ХСТ) цех 2018-жылдын 1-октябрына курулуп бүткөрүлүүгө тийиш. “Тендерлер кечигип өткөрүлгөнүнө, катышуучулардын жоктугуна байланыштуу жылуулук берүү мезгилине даярдыкты үзгүлтүккө учуратуу боюнча актануулар кабыл алынбайт” – деп билдирди 28-июль күнү борбор калаадагы жылуулук берүү борборуна барган биринчи вице-премьер- министр Кубатбек Боронов.
Эске салсак, жаңы химиялык цехтин курулушу ЖЭБдеги кыйроодон кийин көрсөтмө активдүүлүктүн шары менен жазында башталган эле. Бирок иш КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын чечими менен архитектуралык-пландоо шарттарын алуу зарылдыгына байланыштуу токтотулган. Акыркы жаңылыктарга ылайык, иштер бүгүнкү күнгө чейин жандандырыла элек. Октябрдын кирип келерине деле эч канча алыс убакыт калган жок.
Сууну туздан химиялык арылтуу негизи кышында болгон кыйроонун башкы себеби болуп саналат. Анткени так ошо суунун жетишпестиги меш агрегаттардын токтоп калуусуна алып келген. Жаңы блокту тазаланган суу менен камсыздоонун болбой калуусунан улам жылуулукту кыска мөөнөттө берүү жөнгө салынган эмес. Мына ушул “Кыйроо фактысы” боюнча энергохолдингдин жетекчисинен тартып мурдакы премьер-министрлерге чейин көптөгөн адамдар камакта. Бирок бул жерде атайын айтылбай жаткан бир факты бар, эгерде ал ачыкка чыгып кетчү болсо – демек, мамлекет башчысынын кадыр-баркына шек кетиши толук мүмкүн.
Анда, сөз ирети менен болсун. 2017-жылдын 6-июлунда “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Кыдырбаев катышкан “Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо” долбооруна техникалык тапшырманын 2. 7. пунктун аткарууну кароо боюнча жыйналыш өткөн. Техникалык тапшырманын 2. 7. пункту “Колдогу ХСТны пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрүн эксперттик аныктоо”, ошондой эле “Колдогуну пайдаланууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда жаңы химиялык даярдоону курууну кароо” дегенди билдирет. Бул ошол жыйындын күн тартибинде турган жалгыз маселе болгон. ЖЭБдин башкы инженери Курманбеков ошондо: “Колдогу ХСТ боюнча буларды билдирем: ХСТнын мештерди камсыздоо боюнча долбоорлук өндүрүмдүүлүгү 1-кезекте – 280 м. куб/саатты жана 4- кезеги – 500 м. куб/саатты түзөт, бирок ал химиялык туздан арылтылган сууну берүүнүн иш жүзүндөгү өндүрүмдүүлүгүнө ылайык келбейт. Анткени, эгерде экспертиза жүргүзүлгөндө, анда 1-кезекти алдын ала тазалоодо сууну 15 жылдан ашуун кайра иштеп чыгарбай келатканы көрүнмөк, анткени ал жумушчу абалда болгон эмес. ЧЧКдан алынган чийки суу 4-кезектеги гана алдын ала тазалоодо кайра иштетилет, башкача айтканда, кайра иштетилген суунун жалпы көлөмү катта айтылган 780 м. куб/саатты түзө албайт, анткени ХСТдагы 4 –кезектеги мештерди камсыздоо боюнча жөндөө иштери 1974-1976 – жылдары жүргүзүлгөндүктөн, алдын ала тазалоонун тундургучу жана 4-кезектеги бүт жабдуу ( фильтрлер, жабдуунун арматурасы, кислота өлчөгүчтөр жана жегичтер, бак чарбасы, соруп чыгаруучу жабдуу ж. б. ) эскирген жана долбоордогу кубаттуулукту бере албайт. Химиялык цех, 1 тундургуч резерврде болорун эске алганда, эки кезекти кошуу учурунда өздүк чыгымдарды эсепке алганда: чыпкалоочу залдын 1-кезеги боюнча 80-100 м/с ХСТ жана 4-кезек боюнча – 140-165 м/с, орточо алганда – 240 -265 м/с тегерегинде туруктуу бере алат”, – деп билдирген.
Жыйналыштын жыйынтыгында: ЖЭБ тараптан – жаңы блокторго суу тазалоочу жабдууну орнотуу үчүн жай бөлүп берилсин; ТВЕА компаниясы тарабынан – жаңы жабдууну орнотуп, ишке киргизсин, башкача айтканда, жаңы химиялык цех курулсун деген чечим кабыл алынган.
Саясий турмуштан алыс карапайым журтчулук бул жерде мамлекет башчысынын кадыр –баркынын кандай тиешеси бар деп сурашы мүмкүн. Кептин баары, жогоруда көрсөтүлгөн жыйналыш учурунда ал (СШЖ) премьер-министрдин кызматын ээлеп турганында жана мындай ири долбоолорду ишке ашыруунун жүрүшүн көзөмөлдөөгө тийиш экенинде. Ал баса, көзөмөлдөгөн, алтургай, иштердин жүрүшү менен таанышуу үчүн жылуулук борборуна да барган. Бирок ага карабай, мындай маанилүү маселе аны кыйгап өттү. Бул кокусунанбы?
Мунун маңызы өкмөт суу тазалоочу жаңы цехти 2017-жылдын июлунда эле куруу зарылдыгы туурасында жакшы билгендигинде жатат. Балким, андан да эртерек курулушу керек эле. Бирок муну ишке ашыруу боюнча эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Анткен менен эми коррупция, ЖЭБди модернизациялоодо баалардын наркын жогорулатылган деген шылтоо менен мурдакы “төбөлдөрдү” четтетүүгө толгон-токой себептер табылды. Алтургай, “зарыл документациянын жоктугуна байланыштуу баалардын жогорулатылышы туурасында айтканга негиз жок” деп тыянак чыгарган эксперттердин өзүлөрүн камакка алышты.
Бүтүм айтор, көңүл жубатарлык эмес: эгерде жогоруда көрсөтүлгөн комиссиянын чечимдерин өз убагында аткаруу боюнча чаралар кабыл алынганда, кыштагы кыйроого жол берилмек эмес. Акырында бир жөнөкөй фактыны айта кетели: октябрга чейин эки ай калды, “Электр станциялары” болсо долбоорлоо-сметалык документацияны аткаруучуну алиге чейин таба элек.
Чолпон Исмаилова
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ