Menu

БУУ: “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысынын өлүмү үчүн түркмөн бийлиги жоопкер

Бөлүшүү:

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети журналист жана активист Огулсапар Мурадованын өлүмү үчүн түркмөн бийлигин жоопкер деп тапты.

Мурадова 2006-жылы июлда камалып, белгисиз себептерден улам абакта каза болгон. 2006-жылы 14-сентябрда коопсуздук кызматкерлери Мурадованын сөөгүн таануу үчүн туугандарын моргго алып барышкан. Жарандык активисттин балдары апасынын башында чоң жаракат бар экенин билдиришип, көз карандысыз дарыгер талап кылышкан. Бирок морг кызматкерлери буга көнгөн эмес.

58 жаштагы Огулсапар Мурадова “Түркмөн Хельсинки фонду” укук коргоо уюмунун уюштуруучуларынын бири, “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы болгон. Ал 2006-жылы агасы Сапардурды Хаджиев жана активист Аннакурбан Аманклычев менен чогуу камалган.

Мурадова курал-жарак сактоого айыпталган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: