Menu

Бийликтеги чечим кабыл алган таасирдүү фигуралар кимдер?

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы саясый элитанын өзгөрбөгөн менталитети, кошомат кылмай адаты башынан эле бар. Бул жагы көнүмүшкө айлангандай. Күч, бийлик кимдер тарапта болсо, ошол жакка ыктамай, үмүт артмайлар арбын болот экен. Маселен, Асылбек Жээнбеков парламентте жөнөкөй гана депутат. Агасы президент болгону үчүн башка эл өкүлдөрүнүн 90 пайызы анын көзүн карашып, чарк айланып жүрүшкөнүн байкап эле атабыз го? Мындайча айтканда, Асылбек мырза бүгүнкү Жогорку Кеңештин баштоочусу…

Эмесе, бийликтеги андан кийинки таасирдүү фигураларды санай өтөлү. Президенттин аппарат башчысынын орун басары Алмамбет Салиев, президенттин кеңешчиси Эрнис Толтоев, вице-премьер Жеңиш Разаков, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, АКС башчысы Сагынбек Исмаилов, Финпол жетекчиси Бакир Тайыров, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, бажы башчысы Алмаз Оңолбеков, салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров, Финразведканы тейлеген Гүламжан Анарбаев, ИИМ орун басары Сүйүн Өмүрзаков өңдүү аткаминерлердин ооматы артып, маселе чечүүдө активдешкендери айтылууда. Булардын катары дагы толукталса керек. Азырынча бизге жеткен кабар боюнча гана аты-жөндөрүн тизмектеп койдук.

Ал эми спикер Дастан Жумабеков менен премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев «эт эмес же чел эмес» дегендей, өз алдыларынча демилге көтөрө алышпаганы, жогору жактын гана буйругун акыйып күтүп отурушканы жалганбы? «Эшектин тушамышын да чече албайт» деп айтчу беле мындайларды?

Албетте, эл шайлаган президент катары Сооронбай Жээнбеков өз миссияларын толук кандуу аткарууда. «Жандооч кийик аттырат» демекчи, анын айлана-тегерегиндеги тыңчыкмалар түз багытты көрсөтүшөбү? Мына, кептин баары ушунда. Баса, буга чейин Молдомуса Конгантевдин кылмыш ишин кыскартып, УКМК жаңылыш кадам кетирген эле, азырынча андан башка орой катачылыктар боло элек…

Тайлак Назымов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: