Menu

Акылбек Жамангулов, депутат: Күз келери менен депутаттык комиссия көп долбоорлор боюнча катуу ишке киришет

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндөрү ЖК депутаттары жалпы эс алууда. Бирок, турмушубузда интернет желелери пайда болгону күзгүдөй болуп ким кайда эс алып жатат, ким шайлоочулар менен жолугушуп эл арасында жүрөт – баарыбызга маалым. Эл аралаган 4-5 депутаттын бири, жаш болсо да башкалар үлгү алчу иштерди алып барып жаткан Акылбек Жамангуловго суроолорубузду узаттык.

– Акылбек мырза, эс алууга чыккандан бери эл аралап жүрөсүңөр. Айрыкча айылдык карапайым элдин кандай көйгөйлөрүн баса белгилегиң келет?

– Биздин өз программаларыбыз дагы деле уланып жатат. Август айынын он бештерине чейин эл менен жолугушабыз. Алдан соң үй-бүлөм менен эс алуу күндөрүн өткөрөм. Баардык аймактарда көйгөйлөр окшош эле. Социалдык көйгөйлөргө байланыштуу таза суу маселеси, сугат сууларынын жетишсиздиги, бала бакчалардын аздыгы, билим берүү көйгөйлөрү, саламаттык сактоодогу адистердин жетишпестиги, кээ бир ооруканалардагы мүчүлүштүктөр, капиталдык ремонттон өтпөгөндүгү… Айтор, көйгөйлөр баштан ашат. Ошону менен дарыланууга, оор операцияларга каражат таппай, өз укуктары, сот иштери боюнча жеке көйгөйлөрү менен көп кайрылуулар болду. Жер-жерлерде жайгашкан мекемелердин көйгөйлөрү андан көп. Чүй өрөөнүндө автобекеттер, Ысык-Көлдө болсо экология көйгөйлөрү боюнча абдан көп кайрылуулар болду.

– Кумтөрдөн запкы жеген үй-бүлөлөр да арбын болсо керек?..

– Кумтөр маселеси биз Нарынга барганда Нарындан да көтөрүлдү. Азыр 1% фондго түшүп жаткан каражат боюнча маселени көтөрүп жатышат. Бул маселени кайтарып кароо кыйыныраак, себеби мамлекеттик деңгээлде келишимдердин баарына колдор коюлган. Чечимдер чыгып, иштеп жатканына көп болду. Бирок, эл ошол төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча маселесин сунуштап жатышат. Жергиликтүү тургундардын Кумтөргө орношуу кыйынчылыктары, тааныш-билиштиктер тууралуу кеп козголду. Ошондой эле жергиликтүү тамак-аштарды даярдоо боюнча компаниялар дагы «биздин продукцияларды эч ким албайт. Чет жактан, Орусиядан же дагы башка аймактардан келген азык-түлүктөрдү алышат» деген маселени алып чыгышты. Албетте бул жерде Кумтөрдүн экологияга тийгизген таасири, ошону менен бирге ал жерде коррупциялык дагы элементтер бар. Жеткирүү иштеринде, техникалык иштеринде көйгөйлөр болуп, алардын иштери жылбаганы маалым. Жаңы өкмөттүн кадрдык саясаты боюнча айрым жерлерде нааразычылыктар, айрым жерлерде «туура» деп тапкандары бар. Жалпысынан, президентти алган багыты боюнча «коррупция менен болгон күрөш жакшы жүргүзүлүп жатат, эми ошол иштер акырына чейин чыкса» деп тынчсыздангандар көп.

– Биздин гезиттин өткөн сандарында көлдүн экологиялык абалы тууралуу жети-өгүздүк тургундан өтүнүч айтылды, ал аксакал «Кытайдан келген торлорго баңгизатка тыюу салынгандай эле көзөмөлдөө болсо» деген сунушун билдирди…

– Ал көйгөйдү жакшы билем. Торлорду киргизүүнү, сатууну тыюу боюнча мыйзам иштетилип чыккан. Бирок иш толук кандуу алып барылбай, жакшы жүргүзүлбөй жатат. Биз барганда дагы Тоң, Жети-Өгүз райондорунан бул маселелер жергиликтүү эл тарабынан көтөрүлдү. Мен өзүм дагы күбө болгом. Кышында пароход менен Тоңдон Чолпон-Ата жакка чейин жүрүп байкадык. Көлдүн ичи өзүнчө эле бир шаар болуп калыптыр. Буга мамлекеттик деңгээлде тыюу салбасак, коркунучтуу нерсе. Ошол эле экотехинспекцияга да шарт түзүп беришибиз керек. Браконьерлер курал-жарак менен жүрүшөт, катерлери күчтүү. Биздин экотехинспекциянын катерлери жок. Анан алар менен кантип иш алып барышат? Ошон үчүн биз өкмөткө сунуштама беребиз. Бул боюнча иш алып барабыз.

– Данияр Үсөнов Даниил Урицкий болуп ачыкка чыгып алды. Күнөөлүүлөр жазаланбай эле тайраңдап жүргөнү карапайым элдин «оңолобуз» деген үмүтүнө суу сээп жатат. Күз келгенде Кумтөр, алтернативалык жол, ЖЭБ боюнча кандай жаңы иштер алып барылат?

– Менин оюмча, күзүндө саясат абдан «ысык» болот. Өзүңүздөр билесиздер, депутаттык комиссия ЖЭБ боюнча катуу иштеди. Алар көп долбоорлор боюнча иш алып барышат. Алтернативалык түндүк-түштүк жолу боюнча, экинчиси болсо «Датка-Кемин» менен «Токтогул» ГЭСинин реконструкциясына кеткен акча каражаты боюнча дагы башка каралуучу көптөгөн иштер бар.

Алардын баары казылып коомчулукка чыга баштаганда, көп мүчүлүштүктөр кеткени көрүнө баштайт. Ага чейин бирөөнү күнөөлөгөндөн алыс болуп турайын. Бирок менин жеке оюм, көп көйгөйлөр көрүнөт, айтылат. Тилекке каршы, Белоруссиядан чыгып жаткан мурдагы премьер-премьер Данияр Үсөнов боюнча маалыматтар эң биринчи 2010-жылы революцияга катышкан, каза болгон балдардын ата-энелерине, жакындарына абдан оор. Сындап, сырттан айтып коёбуз, бирок ошол убакта жүздөгөн адамдар жакындарын жоготуп, кан жутуп калышты. Бул абдан көйгөйлүү нерсе. Андыктан мындай жагдайды мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алышыбыз керек. Бул маселени чече албагандан кийин мындай нерсени коомчулукка башкача нук менен көрсөтүп, жакындарын жоготкон адамдарга залакасы тийбегендей кылышыбыз керек. Ал эми тышкы иштер министрлиги менен башкы прокуратура ишин уланта бериши зарыл. Себеп дегенде, бүгүн болбосо эртең экстрадиция болуп, саясатта ар кандай кырдаал болуп калышы мүмкүн. Биздин азыркы президентибиз менен Белоруссия президентинин мамилеси абдан жакшы болуп, ал экстрадиция да кылып бериши мүмкүн.

– Кумтөр боюнча кандай иштер жүргүзүлөт?

– Кумтөр боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңеш менен макулдашпай туруп өзү кабыл алган маселелер бар. Экология боюнча биз сотко кайрылып, биринчи санкциядан 100 миллион доллардан ашык каражат мамлекетке которулууга чечим чыккан. Бирок ошого карабастан, дүйнөлүк макулдашуу менен кол коюлуп калган көп маселелер чыгат. Биз негизги келишимди өзгөртө албайбыз. Болгону буга чейинки премьер-министр кетирген кемчиликтер боюнча катуу талкуулар жүргүзүлөт.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: