Menu

Өрттөн улам Таластын Манас районуна өзгөчө кырдаал киргизилди

Бөлүшүү:

Жайлоодогу өрттөн улам Талас облусунун Манас районуна 1-августтан тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Жалынды өчүрүүгө облустун бир канча районунун өрткө каршы кызматтары катышууда. Ошондой эле, милициянын, токой чарбасынын, техникалык лицейдин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар кошулуп, жалпысынан 350 киши өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышат.

Казакстан менен чектеш Алмалуу жайлоосунда куураган чөп өрттөнө баштады. Себеби анык эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 28-июлда башталган. 4-августта кечке жуук өрт токтотулуп, 5-августта кайра тутанган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: