Menu

Өзүмдөн 22 жаш улуу адамды жактырып калдым….

Бөлүшүү:

Жашоо өз нугунда. Мектепте окуп жүргөндө мектеп босогосун аттап чыкканча шашып, бир башкача делбектегенибиз ай. Эмичи? Эми ал күндөргө кайрадан кусаланам. Баягы аруу, таза кыял бала бойдон калгым келип кетет. ЖОЖдун биринчи курсунун аягына чыгып, көңүлсүз каникул күндөрү өтүп жатат. Менин курбуларым, мен теңдүү кыздар өзү теңдүү жигиттерди колтуктап бакыттын кучагында жүрүшөт. А менчи? Жактырган адамымды минтип ээн-эркин колтуктап, айлананы күлкүгө толтуруп бактылуу баса албайбыз. Жаңыдан гүлдөй ачылып кулпуруп турганда, өзүмдөн 22 жаш улуу адамды жактырып калып, сүйүүнүн азабын тартып, сары ооруга кабылып отурам. Мурда сүйүү эмне экенин кайдан билипмин. Бир бактылуу ирмемдердей сезилчү. Сабагым менен кошо иштеп кетүүгө да далалаттанып жүрүп, ал кишини жолуктурдум. Жардамын аябады. Жол көрсөттү. Негедир ал адамды бир көрүп эле жактырып калдым. Канча ирет өзүмдү кармабайын, сезимимди башкара албай ага телефон чалам, же кат жазам. Сүйлөшөбүз. Сөзүнө тойбойм. Күн санап сезимибиз тереңдеп баратат. Баарын билем. Ал адам төрт балалуу, бактылуу үй-бүлө ээси. Ал адам үчүн мен киммин? «Жок, мен мындайга барбоом керек» деп өзүмө өзүм акыл айтам. Жол издейм. Кайрадан эле караңгылык, үшкүрүк. Бир гана жолду көрүп турам. Анын жашоосунан жок болуп кетүү жолу. Алыстарга, алыс жакка кайып болуп, кайрадан башка адам болуп кайткым келет. Бир акыныбыз жазгандай:

Балким мен жалгыз жанмын сен кошпогон,

Балким мен өткөн күнмүн сен жоктогон.

Бирок бил, отко түшүп бүт жандүйнөң,

Баркымды билген кезде мен жок болом…

Арууке Рысбекова

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: