Menu

Сооронбай Жээнбеков премьер-министрге өкмөттүн жаңы демилгелерин көтөрүү алдында жарандарга анын зарылдыгын алдын ала түшүндүрүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

КР Өкмөтү тарабынан өлкөдөгү экономикалык өсүштү камсыздоо жана жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасады.

Мамлекет башчысы ошондой эле жакын арада Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна алынып чыкчу Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары ал Премьер-министрге Өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү сунуш кылды.

«Жаңы демилгелер дайым алдын ала түшүндүрүү иштерин талап кылат, анткени жарандар аларды киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде экенинен толугу менен кабардар болушу керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн кышка даярдыгы, күзгү талаа жумуштарын өткөрүү, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, «Коопсуз шаар», «Түндүк» системасынын негизинде электрондук башкаруу долбоорлору жана «Таза коом» санарип трансформация Программасын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып берди.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматына ылайык, ведомство аралык жумушчу топ аркылуу «Коопсуз шаар» долбооруна карата технико-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлору иштелип чыкты. Анын алкагында республиканын 38 кесилиш жолдору, 52 стационардык чектери эрежени бузгандарды каттаган камералар менен жабдылып, 20 мобилдик аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен камсыздалат.

КР Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2018-жылдын 20-июлунда бул долбоорду ишке ашырууга катышууну каалаган компаниялар арасында конкурс жарыялады, анын жыйынтыгы менен баштала турган мөөнөтү аныкталат.

«Таза Коом» санариптик трансформациясы Программасын ишке ашыруу боюнча айтып жатып, Премьер-министр КР Өкмөтүнө караштуу электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш Программанын алкагында ишке ашырыла турган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекиткенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө „Жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга маалыматтык киоск“, „Бала бакчаларга Е-кезекке туруу“, „Гибриддик почта“ сыяктуу 7 долбоор ишке ашырылды. 10 долбоор ишке ашырылууда, дагы 16 долбоор пландаштырылган», — деп маалымдады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: