Бүгүн, 6-августта социалдык тармактарда КР Президенти Сооронбай Жэнбековдун кызы Бактыгүл Жээнбекова менен КР Жогорку Кеңешинин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевдин үйлөнүү тоюнан тартылган бир үзүм видеотасма тарады. Бул тасманы Studio 9 продакшн студиясы тартып чыгарган.
Бактыгүл Жээнбекова – президенттин жалгыз кызы жана Кыргыз-славян университетинде окуйт, ал эми президенттин күйөө баласы Атабаек Абжалиев 2017-жылдан тартып, КР өкмөтүнүн Эл аралык кызматташуу бөлүмүндө эксперт болуп иштейт. Эки жаштын үйлөнүү тою 2016-жылы өтүп, азыр бир баланын ата-энеси болушту.
https://www.youtube.com/watch?v=QerPaqeoV-c
Видеону Ютубга Alliance Force жүктөгөн
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ