Menu

Душанбе-Бухара аба каттамы ачылды

Бөлүшүү:

6-августта «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Душанбе-Бухара багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды. Бул Тажикстан менен Өзбекстандын шаарларын байланыштырган үчүнчү авиакаттам болуп калды.

Тажикстандын авиациялык бийлигинин маалыматына караганда, жакында Өзбекстандын шаарлары менен аба байланышы кеңейип, коңшу өлкөгө Бохтар жана Куляб аэропортторунан дагы учууга мүмкүн болот.

Душанбе-Бухара каттамы үчүн билет баасы 485 сомонини же 51 долларды түзөт. Жүргүнчүлөр бул «Тажик Эйр» авиакомпаниясы аткарып жаткан Душанбе-Самарканд каттамы үчүн сатылып жаткан билет баасынан бир аз кымбатыраак экенин айтышууда.

28-июлда «Тажик Эйр» авиакомпаниясы Душанбе-Самарканд багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, билет баасы 300 сомониден сатылган. Андан мурда «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Душанбе-Ташкент багыты боюнча уча баштаган. Бул каттам үчүн билет баасы 680 сомонини түзөт.

«Сомон Эйрдин» директорунун биринчи орун басары Субхон Жураев Өзбекстанга карай жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшү билет бааларынын төмөндөшүнө таасир этиши керектигин билдирди. Анын айтымында, бул багыт боюнча аткарылган алгачкы учуулар пайда көрүү үчүн эмес, саясий максатта жана калктын социалдык муктаждыгын канааттандыруу максатында аткарылууда.

Эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы туруктуу автобус жана аба байланыштар 1992-жылы, Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтотулган. Былтыр апрелден тарта Душанбе жана Ташкент шаарларынын ортосунда аба каттам ачылган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: