Түркмөнстан быйыл сентябрдын ортосунда өтө турган «Амуль-Хазар 2018» деп аталган эл аралык автожарышка даярдык иштерин жандандырды. 5-августта иш-чаранын уюштуруучулары чет өлкөлүк журналисттер үчүн медиа форум өткөрүштү.
Расмий басылмалардын билдиришинче, форумдун жүрүшүндө уюштуруучулар даярдык иштери тууралуу маалымат беришип, президенттин катышуусундагы сыноо жана тандап алуу жарыштары маалында тартылган видеолорду көрсөтүштү.
Маалыматка караганда, автораллинин катышуучулары байыркы Улуу Жибек жолунун каттамы боюнча Түркмөнстандын чыгышынан батышын көздөй жарышка түшүшөт. Чөлдү аралап өтчү жолдун жалпы узундугу 1500 чакырымдан ашык болот.
Ал ортодо даярдык иштерине байланыштуу жарыштар өтө турган Ашхабад-Дашөгүз унаа жолунда кыймыл чектелип, өлкө борборунда иштеп жүргөн эмгек мигранттары жапырт түрдө аймактарга жөнөтүлүп жатканы кабарланууда.
Бул жарышты өткөрүү идеясы президент Гурбангулы Бердымухамедовго таандык. Мамлекет башчы бардык даярдык иштерин өзү көзөмөлдөп, трассалар менен жарыш унааларды өзү сыноодон өткөргөн. 12-майда президент профессионал айдоочу менен жарышка түшүп, андан ашып кеткен.
Эл аралык «Амуль-Хазар 2018» автожарышы Түркмөнстанда 9-14-сентябрь күндөрү өтөт. Мамлекеттик маалымат каражаттар белгилешкендей, мелдештерди өткөрүүнүн максаттарынын бири — дүйнөгө жаңы Түркмөнстанды көрсөтүү болуп эсептелет.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ