Menu

Дүйшөн Керимов: Бишкектин багын ачаар бир баатыр табылбады го…

Бөлүшүү:

– Дүйшөн байке, баарыбыз кулак түрүп турган борбор калаа башчысын шайлоо кампаниясына көз карашыңыз кандай?

– Кайдагы шайлоону айтасың?.. Биз жаш кезде жантыгыбыздан жата калып жазып жүргөн эсил кайран СССР убагындагы, айрыкча горбачевдук шайлоолор да мынчалык бир тараптуу, кечээ «Азаттыкта» Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев мырза айрыкча чеберчиликте элди ынандыргысы келип жаткандай, бир добуштан жактырылган бир «баатыр» талапкерди алып чыгып, мындай будамайланган эмес.

– Сиз мурдагы борборубуз Фрунзенин, азыркы Бишкекти көрүп жашаган адам катары кандай салыштырар элеңиз?

– Асман менен жердей. Биз анда «океңдерден» жол тийбеген Фрунзе борборубузга тээ элет жеринен күзгүгө көрүнчүдөй тазаланып, жасанып-түзөнүп келер элек да. Фрунзе – андагы 15 союздук республикалар борборунун ичинен эң бакшактуу, тап-таза шаар катары аталып, ага ар бир кыргызстандык түгөл сыймыктанчу, өздөрү да ошондой тартиптүү болгонго аракеттенчү. Ошондон улам улуу Байдыке: «Туш келген жерге Турганбай, Түкүрүнгөнүн койсо экен… Каалаган жерге Картаңбай, Какырынганын койсо экен… Кагылайын калаабыз, Көгүлтүр көлдөй болсо экен…» деп, бир жактан коңгуроо кагып турчуда… Эми эмне болду? Эмки акын дос Бектуруш Салгамани жазгандай:

«Жашагым келбейт сенде, Кыргызстан, Качкым келет сенден Бишкегим…» дегендей, кейиштүү акыбал береги эгемендик делген ондогон жылдардан бери орун алган, жийиркеничтүү антисанитария, башаламан «кызыл кулак» базар турмуш, шаар четиндеги үрөй учурар кейиптеги там-ташы, короо-сарайлардын жыл сайын талаа бетин бербей жайнап баратканы, сыртынан асман тиреп, көз жоосун ала көрүнгөн, бирок, сейсмологиялык өтө опуртал, плансыз курулуп жаткан ширеңкедей шыгыраган көп кабаттуу үйлөр, жарымы техникалык талапка жараксыз, кумурскадай каршы-терши каптаган унаалар, ой келди кыркылып жаткан тал-теректер, кыскасы, жапайы, ары аргасыз жүрүп жаткан турмуш кыймылынын аянычтуу абалы тамырлагандан тамырлап баратканы аң-сезимдүү ар бир бишкектиктин жүрөгүн оорутат. Алтургай бул маселе же трагедиялуу көрүнүш ЖКнын ар сессиясында айтылып атат, көтөрүлүп атат… Бишкек азыр дүйнөдөгү эң абасы булганычтуу, экологиялык катастрофанын алдында турган, кокус күтүлүүчү жер силкинүүлөргө (Кудай сактасын!) туруксуз имараттар өтө көп курулуп аткан ири шаар катары алдыңкы катарда экенин эксперттер да кан какшап атат… А кылтылабай ачык айтканда, мындай коңгуроо чакырыктарга, сын-талаптарга бийлик тараптан реакция нөл, демек, натыйжа да нөл!

– Деги бизге кандай мэр керек?

– Мекенчил, Ата журтуна, анын «эшигин көрүп төрүнө өт» дегендей босого же казак башы Нураке даанышмандык менен мерчемдеп, «Астана» деп ат коюп ажайып баш калаа салды го, ошол босого – астанасы, борбор калаасына чыныгы кожоюн боло турган, орой айтканда узак уйку, оңой байлык жана жылуу аял койнунан элинин эртеңки тагдырын, демек, өз керт баш тагдырын өйдө койгон, жөнөкөй эле бир намыскөй, чарбакер кыргыз эр азаматы керек. Же андайды илгери чоң тебетей чоң атам айткандай, «ылайдан жасап алмак белек». Дагы эле демек, андай тапталган талапкерди таап чыгыш үчүн дүйнөлүк практикада далилденгендей чыныгы элдик шайлоо керек…

– Азыркы талапкерге алдын ала эле ичиңиз чыкпай атабы?

– Кеп береги XXI кылымдын прогресс доорунда тээ XIX кылымдагы орус ак падышачылыгы ойлоп таап, таңуулаган кыргыз болуштуктарын шайлоо ыкмаларынан да жасалма көрсөтмөлүүлүктө же «шайтан» оюндарынын шуулдап, дал мамлекеттик борбордун өзүндө, өтүп жатканында болуп жатпайбы… Анан да акылман Алмаз Кененбаев инибиз «мэр талапкери КСДП партиясынан» деп ишенимдүү, ары сыймыктануу менен айтып атат. Эй, КСДПнын авангарддары азыр «адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр» болуп, шордуу мамлекетти ого бетер сазга батыргандагы эрдиктери үчүн четинен камалып атса, анан кайдагы КСДПны айтат?! Кайдагы гарантиялуу келечекти айтат?! Мына «Абсурдстан» өлкөсү! Оңбогон Бектуруш досту жанагы «Жашагым келбейт сенде Кыргызстан!» деген кооптуудай көрүнгөн саптары үчүн «сен чыныгы кыргыз эмессиң!» деп оюн-чыны аралаш тилдеп жиберчү элем. Көрсө, ал дербиштей эл кыдырып жүрүп, биздеги трагедияны алдын ала сезген, мен кембагалдан мурда көрө билген даанышман-акын экен куурагыр!..

– Өзүңүздүн башка сунушуңуз барбы?

– Суу кечпеген сунушту эмне кыласың, Суке! Башкасын айтпаганда, өзүм күн сайын сейилдеп баскан башкалаанын түштүк дарбазасындагы кайран байкебиз, Советтер Союзунун баатыры Дайыр Асанов атындагы чек арачылардын, миңдеген шаардыктар кыжылдап, быжылдап эс алып жүргөн паркында бир ажатканасы (туалети) жок жапайычылык көрүнүштү, 1916-жылкы улуу кыргында жарымынан көбүнүн сөөгү ач бел, куу жондо калган аркалык кыргыздардын арбагына бир кезде утурумдук үргүлжү коюлган молоташ эстеликтин башкалар көчүгү менен күлөөр акыбалын, өткөн-кеткенге тап берген жолбун иттердин арбып баратканын, былтыр күздө эле жаңыланып курулган аллея-жолдордун кайрадан бузулуп урай баштаганын, акыр-чикирди, асфальт каптап башаламан арылдап аккан сууларды, бирөөнү алса, эртеси эле эки-үчөө жайнап калган иретсиз соода күркөлөрүн… Деги койчу, ушундай кокуй турмушту чоңдорго жазам деп, Кубат аке Жусубалиев айтмакчы, «мен жазганда эле эл-журт, жашоо-турмуш оңолуп кетчүдөй…» жазып келатам, жазгандан чарчап, карып да келатам…

Байкуш Бишкектин багын ачаар бир баатыр табылбады го… Деги эл-журтубуз аман, тынч, арты кайрылуу болсо болгону. Башка не дейбиз…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: