Menu

Бирдиктүү депозиттик эсепке ЭККМК которгон акча каражаттарынын жалпы суммасы 143 миллион 377 миң 228 сомду түздү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 80 миллион 14 миң 470 сом өлчөмүндө акча которду. Бул туралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Мурун, ЭККМК Бирдиктүү депозиттик эсепке 63 миллион 362 миң 758 сом которгон. Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбековдун Өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тезистерин ишке ашыруу боюнча тиийштүү чараларды көрүү уланып жатат.

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: