5 миң сом пара алып камалгандарды айтып какшай берип тил тешилди. Ошол эле маалда өлкөгө олчойгон зыян алып келгендер жөнүндө айтылгандар али көз жаздымда. Алсак, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов боюнча ММКларда эбактан бери узун сабак кеп болуп келет. Бирок, бул боюнча эч кандай жыйынтык чыга элек. Бир учурда кылмыш козгоого карата аракеттер болгон эле. Анан эле тып басылды. Мындан улам Пирматов укук коргоо органдарын чүлүктөп алганбы деген ой келет. Кандай болгон күндө дагы элдин эсебинен эсепсиз байлык топтогон эргулдар өз жазаларын алышы керек го. Же эмне, «бармак басты, көз кысты» саясаты дагы деле уланып атабы? Коррупция менен күрөш деген регион жана бай, кедей деп бөлүнбөшү керек го акыры.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ