Бир мугалимдин 2 жылдык айлыгына барабар болгон сумманы бир эле айлык катары “ап” эткендер арабызда арбын тура. Маселен, Мамкаттоонун алдындагы «Инфоком» ишканасынын директору Талант Абдуллаевдин айлык маянасы 240 миң сом экен. Кайсыл эмгеги үчүн? Мына ушул сумма күнү-түнү коомдун коопсуздугун, тартибин карап эмгектенген катардагы милиция кызматкеринин 2 жылдык эмгек акысы. Калыстык кайда? Же Абдуллаев деген алкымы аттыкынан чоң эмеге баары боло береби? Бул маселе Жогорку Кеңештин комитетинде дагы көтөрүлүп, Абдуллаевди кызматтан кетирүү маселеси кабыргасынан коюлду. Көрсө, Талант Абдуллаевди кызматтан кетирүү боюнча өкмөткө сунуш бир топ убакыт мурун эле берилген экен. Айлык маселеси го аныкталды. Бирок, Абдуллаевдин өзүм билемдик саясаты менен бир топ мыйзамдар бузулганы айтылууда. Алкымынын “ыразмерин” ачык аныктаганга аракет кылалы.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ