Кыңыр иштери калк арасында кеңири сөз болуп келген Караколдун мэри Данияр Арпачиевге Шаардык кеңештин депутаттары ишенбөөчүлүк көрсөтүп, жалпы 31 депутаттын 28и кетсин деген добушун берди. Шаардык кеңештин мындай кадамга баруусуна мэрдин бир жылдык отчётунун кабыл алынбай калганы түрткү болгон. Эске салсак, Арпачиев аталган кызматка 2016-жылдын май айында шайланган. Анын талапкерлиги шаардык кеңештеги КСДП жана «Табылга» фракциялары тарабынан сунушталып, 31 депутаттын 24ү «макул ” деп добуш берген. Эки жыл өтпөй ишенимден кетти.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ