Menu

Аида Касымалиева, ЖК депутаты: Социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованын ишине “нөл” деген баа бериш керек”

Бөлүшүү:

—Аида Камчыбековна, бүгүнкү күндө акыйкатчынын орду бош турат. Ким келээри сиздерге маалым болсо керек?

—Акыйкатчы өз арызы менен кызматын тапшыргандан кийин ал орунга талапкерлер көбөйдү. Буйруса сентябрь айынын башы менен жыйын башталса сөзсүз карайбыз. Ал орунга элдин акыйкатын талашкан, ишин мыкты билген адам керек деп эсептейм.

—Мамлекеттик каттоо кызматы паспортторду одоно ката менен берип жаткандыгын эмнеге парламентте карабай жатасыздар, ал биздин негизги документ да?

—Эң биринчилерден болуп мамлекеттик каттоо кызматы тилге басым жасаш керек эле. Тилекке каршы анын бири да жасалбай жатат. Сиз айткан паспорттогу каталыктарга жол беридип жатканы дагы жашыруун эмес. Жетекчилиги дагы парламенттик олтурумдарга өзү келбейт, тоготпойт. Бул маселе боюнча өкмөт иш алып барууга милдеттүү. Биз дагы кайдыгер карап турбайбыз.

—Өкмөттүн түзүлгөндүгүнө 100 күн бодду. Ошол жаңы өкмөттө иштеген айрым министрлер дагы деле ишти алып бара албай жатышат…

—Бизге өкмөттүн туруктуулугу керек. Ошол эле учурда реформатор бодсо андан да жакшы болмок. Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө коомчулук менен бирге айрым депутаттар да каршы чыгышкан. Мисалы, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова таптакыр иштебей жатат, ишине топтоголок эле «нөл» деген баа берсек жаңылбайбыз. Министр айым эки орун басары менен сүйлөшпөйт экен. Эки орун басары болсо бири-бири менен сүйлөшпөй, кабинеттерде бекинип олтурушат. Коллективди да бөлүп коюшкан. Кыскасы социалдык өнүктүрүү министрлигинде иш таптакыр токтоп калды. Анан ушул жерде кантип иш болсун?! Анын үстүнө министр Таалайкүл Базаркуловна балдарга жөлөк пул берүүдөгү мыйзамга 20 жыл мурунку токтомдорду киргизиптир. Азыр пенсия берилген чоң ата, чоң энеси менен чогуу жашаган балдар жөлөк пул ала алганы менен малы бар болсо ала албайт экен. Мындан улам жөлөк пул алыш үчүн эл эми малын жашырып жаздыра баштайт. Жыйынтыгында статистика боюнча айыл-чарбаны артка тартпайт деп ким кепилдик берет? Эмнеге өкмөт башчы министрликтин ишин таптакыр токтотуп койгон министрди кармап олтурат, таптакыр түшүнбөйм…

Сезим Мураталиева

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: