2018-жылдын 1-августунан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу, милдеттүү патент жана милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга электрондук форматтагы документ түрүндө (электрондук патент) патент берүүнү баштады. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
2018-жылдын 1-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын калган аймактарында электрондук форматтагы патент берүү башталат.
Электрондук патенттерди берүү салык төлөөчүлөрдүн патент алууга убакыт коротуусун кыскартууга багытталган.
Белгилей кетчү жагдай, салык төлөөчүлөр патенттерди өз тандоосу боюнча: мурдагыдай кагаз түрүндө же электрондук форматта ала алышат.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-31-июлунда Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында электрондук форматтагы патент берүү сынамык долбоору өткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ