Menu

Өзбекстанда зомбулукка айыпталган балдар үйүнүн кызматкерлери соттолду

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Фергана облустук соту Маргилан калаасындагы жетим балдар үйүнүн мурдагы директору жана кызматкерлерине карата өкүм чыгарды.

№1 балдар үйүнүн мурдагы директору Камол Якубов жана анын орун басары Собиржон Усманов шалаакылык, мамлекеттин акчасын уурдоо, аялдарды аборт жасатууга мажбурлоо беренелери боюнча айыптуу деп табылып, төрт жылга соттолушту. Мындан тышкары балдар үйүнүн фельдшери Ихтиёр Юлдашев үч жарым жылга, тарбиячы Равшан Абдуфаттоев үч жылга түрмөгө кесилди. Дагы үч кызматкер үч жылга эркинен ажыратылды.

Бул кылмыш иши боюнча жалпысынан Маргиландагы №1 балдар үйүнүн мурдагы он кызматкерине карата өкүм чыкты.

Маалыматтарга караганда, тарбиячылар жана фельдшер 3 жаштан 7 жашка чейинки балдарды дайыма сабап турган. Мындан тышкары боюна бүтүп калган жашы жете элек өспүрүм кызды медайым аборт жасатууга мажбурлаган.

Балдар үйүнүн жетекчилиги бухалтерия менен кутумга барып, 167 миллион сум өлчөмүндөгү бюджеттик каражатты кымырып алганы аныкталган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: