Балыкчы шаарында “милиция кызматкерлерине ок атты” деп шек саналгандар кармалды. Ысык-Көл облустук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” билдиргендей, окуя 6-августта түнкү саат он бир жарымга жакын болгон.
Жергиликтүү тургундар милицияга телефон чалып, көчөдө топтошкон жигиттер жаңжалдашып жатканын, октун үнү угулганын билдиришкен.
– Ыкчам иликтөө тобунунун кызматкерлери барган учурда ал жерде төрт-беш жигит туруптур. Милициянын машинесине ок атып, андан соң таш ыргытып ар кайсыл жака качып кетишкен, – деди Усубакунов.
Тартип сакчылары да аларга каршы табелдик курал менен ок атып, шектүүлөрдүн экөө кармалган. Бири Тоң районунун, экинчиси Балыкчы шаарынын 20 жаштагы тургундары. Алардан ИЖ-18ЕМ үлгүсүндөгү эки даана аңчылык куралы жана үч ок табылган. Башкаларды издөө уланып жатат.
Куралдар эч жерде катталбаганы аныкталды. Шектүүлөргө каршы Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (“Бейбаштык”) менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар Балыкчы милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ