Menu

Жаңы демилгелерди алдын -ала түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл

Бөлүшүү:

Кыргыз Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди да 100 күндүк “мини-юбилейинин” урматына сынга алып, туура жерден жаманатты кылууга жакшы эле аракет жасашты. Бирок, талапты катуу коюп, эл үчүн уктабай иштеп жаткан жетекчиге карата жарытылуу аргумент таба алышпады көрүнөт бул кара пиарлары көпкө созулбады.

Буга чейин, “өлкө башчысынын Абылгазиевге ичи чыкпай жатыптыр, күзүндө кетирет экен”- деген да сөздөр айтылган. Мунун баары карандай калп, суу кечпеген нерсе экенинен жума башында ынандык. Президент Сооронбай Жээнбеков 6-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуп, жалпысынан өкмөттүн ишине түз көз карашта экенин айткандай болду.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасап, жакын арада Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна алынып чыкчу Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурду.

Өкмөттүн бир катар жаңы демилгелерине коомчулук түшүнбөй эле тикесинен тике туруп, каршы болуп жатышпайбы. Көп учурда буга элди “соодасы жүрбөй каларын” билген топтор шыкактап жатпайбы. Мисалы, ошол эле уюлдук аппараттарды каттоого алуу боюнча сунуштаманы контрабандисттер тескери токушуп, “телефон сатып алсаңар өкмөткө 100 сом төлөп каласыңар”- деп айгай көтөрүшкөн. Президент Жээнбеков да мына ушундай демилгелерди алып чыгууда түшүндүрүү иштери начар болуп жатканын байкаптыр. Дал ошондуктан, премьер-министрге Өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү сунуш кылды. “Жаңы демилгелер дайым алдын ала түшүндүрүү иштерин талап кылат, анткени жарандар аларды киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде экенинен толугу менен кабардар болушу керек”,- деди С.Жээнбеков.

Жолугушууда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кышка даярдыгы, күзгү талаа жумуштарын өткөрүү, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, “Коопсуз шаар”, “Түндүк” системасынын негизинде электрондук башкаруу долбоорлору жана “Таза коом” санарип трансформация программасын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып берди.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматына ылайык, ведомство аралык жумушчу топ аркылуу «Коопсуз шаар» долбооруна карата технико-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлору иштелип чыкты. Анын алкагында республиканын 38 кесилиш жолдору, 52 стационардык чектери эрежени бузгандарды каттаган камералар менен жабдылып, 20 мобилдик аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен камсыздалат.

КР Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2018-жылдын 20-июлунда бул долбоорду ишке ашырууга катышууну каалаган компаниялар арасында конкурс жарыялады, анын жыйынтыгы менен баштала турган мөөнөтү аныкталат.

“Таза Коом” программасын ишке ашыруу боюнча айтып жатып, премьер-министр КР Өкмөтүнө караштуу электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш Программанын алкагында ишке ашырыла турган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекиткенин белгиледи.

“Бүгүнкү күндө “Жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга маалыматтык киоск”, “Бала бакчаларга Е-кезекке туруу”, “Гибриддик почта” сыяктуу 7 долбоор ишке ашырылды. 10 долбоор ишке ашырылууда, дагы 16 долбоор пландаштырылган”,- деп маалымдады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Айтор, президент да, премьер да бирин-бири бир ооздон түшүнүп, бирдиктүү команда катары иш алып барып жатканы айрым суук көздөргө жакпай жатат өңдөнөт. Бирок, суук көздөр тан кала турган иштер дагы алдыда деп ишенип туралы.

Байел Асызов

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: