Menu

Казакстан: Мектептерге жакын жайгашкан мечиттер түрттүрүлбөйт

Бөлүшүү:

Казакстан Коомдук өнүктүрүү министрлиги мектептердин жанында жайгашкан диний жайларды бузбай турганын билдирди.

Өткөн жумада жергиликтүү басылмалар мектептен 300 метрге чейинки аралыкта жайгашкан мечиттердин бузулушу ыктымал экенин жазышкан. Коомдук өнүктүрүү министрлиги иштеп жаткан диний мекемелердин имараттарын түрттүрүү талаптары мыйзамда көрсөтүлбөгөнүн айтып, алардын бузулбай турганын белгиледи.

Ошол эле маалда министрлик 2017-жылы 9-июнда дин иштери жана жарандык коом министринин буйругу менен кабыл алынган нускаманын 7-пунктуна шилтеме жасады. Ага ылайык, диний иш-чараларды өткөрүүгө арналган имараттар (диний билим берүү мекемелеринен тышкары) мектептерден кеминде 300 метр алыс жайгашуусу керек.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: