Menu

Куткаруучулар сууга чөгүп бара жаткан адамды сактап калышты

Бөлүшүү:

6-августта түнкү саат 22:00 чамасында Чүй районундагы Алга айылына жакын “Золотая осень” дачалар аймагында  53 жаштагы Токболотов  Калыбек Абдылдабекович үйүнө бара жатып каналдан өтөм деп, жыгылып сууга түшүп кеткен. Бул туралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.

КР ӨКМнин  Токмок шаары боюнча өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө саат 22:21 чамасында Мээнеткеч айылынан өткөн каналда адам сууга агып бараткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

КР ӨКМнин Токмок шаары боюнча өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн 3-кароолунун кароол башчысы капитан Жолдошбек уулу Б. жетектеген куткаруучулар тобу саат 22:35те  кырсык болгон жерге жетип барышып, каналды жээктеп издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада бир чакырым алыстыктан жапа чеккен адамды таап, Жолдошбек уулу Б. жана өрт өчүрүүчү –суучул улук сержант Кылычев Р. суудан алып чыгышкан. Суудан алып чыккандан кийин денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык “тез жардам” кызматына тапшырып беришкен.

Жабырлануучу учурда Чүй райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө (многочисленные ушибы тела, закрытая черепно-мозговая травма) диагноздору менен дарыланууда жана абалы туруктуу.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: