Menu

Кадыралиева ичиндеги сезимин айтты

Бөлүшүү:

Ачыгын эле айтып койсок жубарымбек болуп калбайбыз. Анткени туура сөздү кысынбай эле коомчулукка билдирип койгонубуздан бир жерибиз кемип кетпейт. Бешинчи чакырылыштагы депутаттардын ичинен айрымдары  кайра парламентке келишти. Бактысы тайкы болуп калгандардын  болсо  ыргыткан чүкөсү баштагыдай айкүр коно албай калды. Антсе да кээде маанилүү пикирлерин бөлүшүп калышууда.

Жакында Ыргал Кадыралиева “Маралда” баян курду. Көптөгөн көкүрөгүндөгү бугуп жаткан ойлорун шардана кылып алууга жетишти. Кантип Асылбек Жээнбеков менен элдешкени, ыңкылапта эмне иш кылганы, депутат болгондун сырлары туурасында орошон ойлору менен бөлүштү.  КСДПнын эртеңкисине да кайдыгер эместигин, азыркы лидери тууралуу ар кандай кептер айтылганын, бирок, партия урап кетпесине ишенерин билдире кетти. Кандай болгон күндө да калыстык иретинде Ыргал айымдын жакшы сапаттарын айтып коюштан алыстабайбыз. Эгерде агасынын “кесепети” тийбесе эл өкүлү болуп жүрө бермек. Ошентсе да келечекте Кадыралиевага окшогон акыл-эстүү, дымактуу айымдар өлкөгө  зарыл экенин да кыстара кетели. Ал эми көралбагандар өзүнүн арабасын айдай беришсин. “Мышыгын пыш деген” эч ким жок.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: