Menu

Халмурзаевди кошпой башташты

Бөлүшүү:

Баткен облусун башкаруу абдан оор дегенге себептер толтура. Ошол үчүн ал жерди жетектеген кишинин тажрыйбасы мол болушу кажет. Болбосо кыска эле убакта анын ашмалтайын чыгарып жиберишээри маалым. Илгери губернатор болгон Айбалаевди эмдигиче майлап, сүттөп жүргөндөр четтен табылат. Ал тургай кээде бул кишини телеге чакырып иштеп берсеңиз болмок деп чеченсингендер табылат. А бирок, ал кезде Мамат аке канча жашта экенин унутуп калышканын неге таясак болор экен?

Абиш Халмурзаев облуска бөтөн киши эмес. Ал кезинде мэрликти жакшы өтөгөндүктөн Баткенге биринчи киши болуп дайындалганына итапкан мезгил болду. Ошондон уламбы, же анын орду бирөөлөргө өлө керек болуп жатабы, айтор каратып туруп жамандай башташканы жөн жерден эместир? А түгүл “Азия” мейманканасын сойкулук жайга айланткан ушул жетекчи дегенге чейин жетишти. Аң-сезими жетиштүү адамдардан сураштырсак андай арам ишке Абиш мырза барбайт деп так кесе айтышты. Эми убактысы келсе ал деле кызматын өткөрүп берет. Кызматты атасы энчилеп берди беле? Ошого чейин өпкөңөрдү басып тургула, жумурткадан кыр чыгаргычтар!

 Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: