Menu

Видео – Равшан Жээнбеков: “СДПК көрсөтүп, шайлаган Бишкектин 3 мэри – Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов үчөөсү тең соттолушту…”

Бөлүшүү:

“Буга чейин, 2010-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын мэри кызматына СДПК партиясы көрсөтүп шайлаган 3 мэр тең – Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдор коррупциялык кылмыштар боюнча соттолушту”, – деп билдирди бүгүн, 8-августта  Бишкек мэриясынын алдында өткөн  жарандык сектордун нааразычылык акциясында саясатчы Равшан Жээнбеков.

“Ал үчөөсү үчүн СДПК моралдык, саясый жана мыйзамдык жактан эл алдында жооп бериши керек. Эми 3 мэри соттолгон СДПКга 4-мэрди шайлоого укукту берүү моралдык жактан, мыйзамдык жактан туурабы?  Бул туура эмес! Мындайга жол берген коомчулук күнөөлүү.  Бийлик силер үчүн да уят! Үч мэри соттолуп, эки мэри түрмөдө олтурган, бир мэри араң кутулган социал-демократтарга биз кантип бүгүн кайрадан 4-мэрди шайлоого уруксат беребиз?  Бул акылга сыйбай турган нерсе! Бул уят нерсе!  Эмне үчүн ал атаандашсыз шайланып жатат? Бул шайлоо эмес да! Атаандашсыз, жабык шайлоо болуп жатат! Шаардын мэрин эл шайлаш керек…”, – деди Равшан Жээнбеков.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: