Menu

Равшан Жээнбеков: “КСДПнын мээрликке талапкер жылдырууга моралдык укугу жок болчу…”

Бөлүшүү:

– Равшан мырза, жарандык коом Азиз Суракматовдун Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкер болгонуна каршы:“КСДПнын мэр шайлоого укугу жок” деген ураан менин каршылык акциясын уюштурушту. Эмне үчүн КСДПнын мэр шайлоого укугу жок?

– Социал демократтардын мэр шайлоого укугу жок. Анткени, ал маселенин маанилүү себептери бар. Биринчи себеби, Атамбаевдин мезгилинде КСДПчылар адегенде эле мэрлик кызматка Иса Өмүркуловду жылдырышкан. Иса Өмүркулов бир топ жыл мэр болуп иштегени менен ага чоң күнөөлөр коюлуп, сотко чейин барып, соттон араң кутулуп чыккан. Кандай жол менен соттон кутулду, бул дагы иликтей турган маселелердин бири. Себеби, Иса Өмүркулов көп мыйзам бузууга аралашкан деген маселе жаралып, иликтөөнүн болгону бул факт. Ошон үчүн аны тана албайт. Экинчиси, андан кийин КСДП көрсөткөн Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов дагы жер маселелери боюнча күнөөлөнүп түрмөдө отурушат. Ушул фактылардан кийин социал-демократтарга кайрадан эле Бишкек шарынын мэрии жылдырууга укук берилиши акылга сыйбаган иш. Мамлекеттүүлүк деген түшүнүккө туура келбеген кадам болуп эсептелет. Ошондуктан биз шаардыктар, саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү кайрадан социал-демократтардын мэрди жылдырышына каршы болуп, мэр шайлоодо адилеттүүлүк орношуна жана колубуздан келишинче КСДПчылардын чечимине каршы турууга аракет кылып жатабыз.

– Буга чейин “Суракматов мэрлик кызматты калянканада чечиптир, жогору жакка акча берип коюптур”- деген айың кептер айтылып жатты эле. Эгер чындап жогору жактан чечилип калган болсо, аракетиңерден майнап чыкпай калат го…

– Ал маселе тууралуу ар кандай сөздөр айтылышы мүмкүн. Бирок, аны мэр болот деген чечимдин артында биздин официалдуу бийлик тураарын баарыбыз билебиз. Анткени, бийлик уруксат бермейинче КСДПчылар жөндөн жөн эле мындай чечим чыгара албайт. КСДПчылардын жана шаардык кеңештеги депутаттардын ким экенин жакшы билебиз. Ошондой болсо да, кол куушуруп отура бербей калыс сөзүбүздү айтып, Суракматовду КСДП официалдуу жылдырып жаткандан кийин алардын мэр шайлоого моралдык укугу жок экенин баса белгилеп жатабыз. Себеби, бул чечим бир эле КСДПчыларга эмес, жалпы бийликтин жүзүнө көө шыбай турган маанилүү саясый кадам болуп эсептелет. Өкүнүчтүүсү, бийлик ушул чечими менен өзүнө негативдүү жүктү жаратып, терс талапкерди жылдырып, чоң проблема жаратып алды.

– Буга чейин шаардыктардын маселесин чече турган мэрди эл өзү шайлашы керек деген пикирде элеңиз. Бирок, эл мэрди шайласа, мэр жогору жакка баш ийбей өзүн өзү билип алат деп чочулагандар да бар. Эгер сиз айткан сунуш колдоого алынып кетсе, кокус мэр чектен чыгып кетсе, аны акылга чакырып, туура жолго салуунун жолу барбы?

– Дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде, өнүккөн шаарларда борбор калаанын мэрлерин эл шайлайт. Эл мэрди шайласа, мэр көз карандысыз болуп, күчтүү болуп, жакшы иштейт. Ага карабай эле бизде “мэрди эл шайласа бийликке баш ийбей коёт” деп кооптоно беришет. Чынында ал болбогон сөз. Менин пикиримде мэр канчалык күчтүү болсо, борбордук бийликке баш ийбесе, мэр ошончолук жакшы иштеп, шаарды өнүктүрүүгө аракет кылат. Мэр эч кимге баш ийбей коёт деп кооптонбой койсок деле болот. Анткени, мэр аша чаап, өз билгенин кыла баштаса, кызматын кыянаттык менен пайдалана баштаса, аны эпке келтирип, жөнгө сала турган мыйзамдар бар керек болсо, мэр өз билемдик кылса, жоопкерчиликке тартылат. Бул биринчиси, экинчиси, мэрди көзөмөлдөй турган укук коргоо органдары жана анын ишин тынымсыз көзөмөлдөп турган коомдук, жарандык активисттер, массалык маалымат каражаттары да бар. Мына ушунун баары көзөмөлдөп турса мэр эч качан чектен чыккан кадамга бара албайт. Ошондуктан, биз мэрди коркпостон, тез аранын ичинде жакынкы айларда шаардыктар тарабынан шайлана турган механизмге өтүшүбүз керек.

– Равшан мырза,“Фейсбуктагы” баракчаңызга “антизаман кайра келаткандай”- деген пикир жазыпсыз. Силердин тегерек үстөлүңөргө каршы Суракматов тарабынан анти тегерек үстөл уюштурулдубу?

– Эми мунун кандайча уюштурулуп калганын айтыш кыйын бирок, кандайдыр бир дал келүү болуп калды. Биздин тегерек үстөлдө оппозициялык көз караштагы эле эмес, нейтралдуу көз караштагы саясатчыларды да чакырганбыз. Суракматовго борбор шаарыбыздын мэрлик кызматы берилип жатканы боюнча анча-мынча көз карашыбызды айттык. Ал жыйынга келечекте мэр болом деген адамдын өзүн да чакырганбыз. Ал тилекке каршы, ал жыйынга өзү келип катышыштын ордуна түштөн кийин өзү ошондой тегерек үстөл уюштуруп, эч кандай таанымал эмес, маанилүү мамлекеттик маселелерди көтөрбөгөн, эч кандай позициясы жок адамдарды чогултуп алып тегерек үстөл уюштурганы келечектеги мэрдин адамдарды экиге бөлүп жатканына окшоп калды. Мэр боло электе эле адамдарды граждандык коомду экиге бөлүп жатканы Азиздин акылсыздыгы. Экинчиси, ал уюштурган тегерек үстөлгө келген адамдардын көпчүлүгү буга чейин бир да маанилүү маселелерди көтөрүп, бир да мамлекеттик актуалдуу иш-чараларга катышкан эмес. Алардын басымдуу бөлүгү шоу-бизнесте жүргөндөр. Заказ менен пиар кылып иштеген адамдар. Ошондуктан, Суракматовдун бул кадамын антитегерек үстөл, антимитингдердин доору кайра келе жаткандай кабыл алдык.

– Суракматов кыргыз тилин мазактады. Мамлекеттик тил комиссиясы одоно мыйзам бузуп, кыргыз тилинде сүйлөй албаган, эне тилин билбеген адамды экзаменден өткөрдү деп жатышат. Бул маселе боюнча кандай комментарий бересиз?

– Чынын айтыш керек бул жерде эки маселе тең оор. Биринчиси – кыргыздын Азизге окшогон жигити кыргыз тилин билбегени. Кыргыз болуп туруп эне тилинде сүйлөй албаганы аянычтуу. Анын кыргыз тилин билбегенин көрүп, билип туруп, кошоматчылык кылып, мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү анын мамлекеттик тилди билбегенине көздөрүн жумуп, өз функциясын так аткарбастан, тил билет деп чечим чыгарышты. Тил комиссиясынын мүчөлөрүнүн мындай мамилеси кыргыз тилин аябагандай кордоп, кыргыз тилине чоң зыян алып келди. Эми ал окумуштуулардын кыргыз тилин окутууга кыргыз тили комиссиясына мүчө болууга кыргыз тилинен экзамен алууга моралдык укугу жок. Биз мындан кийин алардын фамилиясын айта турган болобуз.

– Суракматов чындап эле мэр болуп калса, иштебей жатып элдин нааразычылыгын жараткан мэр болуп калбайбы?

– Суракматов мэр болуп шайлана электе эле коомдо ушунчалык карама-каршылык жаралды. Бийликтин туура эмес чечими жана Азиз Суракматовдун жеке персонасы үчүн коомчулукта терс пикир жаралды. Анткени, Бишкек шаарынын мэрлик кызматы Кыргызстандагы беш жогорку маанилүү делген кызматтардын катарына кире турган кызмат болуп эсептелет. Ошол кызматка бараткан адамдын коомдо орду, кадыр-баркы, маселе чече алган, саясый салмагы бар адам болушу керек. Өкүнүчтүүсү мына ушул критерийлерге жооп берген адамды эмес, саясатта, коомчулукта таанымал эмес, туура эмес иштер менен алек болгон адамды мэрликке алып келатышканы үчүн ушундай каршылыктар жаралып жатат. Ошондуктан, Азиз Суракматовго мэр болуп иштөө кыйын болот. Анткени, Азиз эч качан шаардын турмушун, мамлекеттин турмушун талкуулаган, көтөргөн адам эмес. Азиз менен беш жыл чогуу депутат болгом. Бир да жолу трибунага чыгып сүйлөгөнүн, бир да жолу маанилүү маселе көтөрүп, мыйзам жазып, аны коргогонун көргөн эмесмин. Футбол ойноп жүргөн жеринен алып келип, мэр кылып койсо эле күчтүү мэр болуп калбайт. Ал кызматка Суракматов жакынкы убакта бекий турган болсо да, мэр болуп иштей албайт, уят болуп, кызматтан кетүүгө аргасыз болот. Анткени, жогоруда айткандай мэрлик кызмат коомчулук көзөмөлдөй турган кызмат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: