Menu

Темир тирүү болгондо эмне өзгөрмөк?

Бөлүшүү:

Атаганат, бир келген өмүрдү бирөөнө көп, экинчисине аз бөлүп койгон Теңирдин күчүнө эч нерсе тең келе албайт. Былтыр Темир Жумакадыров деген чыгаан жигитибиз мамлекеттин ишине күйүп, жанып жүргөн учурунда кырсыкка кабылып, жаны мерт болду. Андан бери итапкан убакыт өтсө да аны эч ким эстеп койбоду. Балким, эки айдан кийин аны эскерип койчулар табылып калаар, биз белги берген соң. Ошол эле КТРКны чеңгелдеп турган досу Илим Карыпбековдун жан дүйнөсү козголуп элестүү берүүнү колго алар деген ойдобуз. Кайран жигит десең…

Жүрөгүң согуп, тирүүчүлүктүн кучагында жашап жаткан соң мээңди ар кандай ойлор жейт экен? Калыстыкты туу туткан адам эмне үчүн жан дүйнөсүн түйшөлткөн орчундуу маселени ортого салалбайт? Канчага чейин көрсө көрмөксөн, билсе билмексен болуп жүрүүгө милдеттүү? Анда эле өз көлөкөсүнөн корккон, эптеп нан бурдап жегенине каниет кылган, көзү көрүп турган чындыкты бурмалаганга барган абийири таза эмес “жандыкка” окшошуп каларыңа астейдил жооп таба аласыңбы?

Анттүүгө жараш үчүн оболу пейилди оңдоп, акты ак, караны кара деп атынан атоого мекенчил адамдын барышы туура келет эмеспи? Тилекке каршы биздин турмушта ошол акка бөлөнгөн көрүнүштөрдү каралары басып кетип жаткан жокпу деген мыйзам ченемдүү суроо иймейип берилип жатканына кайдыгерлик кылганыбызды неге танууга белсенебиз? Хан алмашса эле сүрмө топ болгон кошоматчылардын, жан бактылардын үйүрү эмне үчүн ак үйдү байырлаганга ынтызарланышат? Анткени алар жай турмуштагылардан эпчилдиги аркылуу өйдө жашагысы, колуна тийгенди буйдалтпай ашагысы келээри маалым. Ошондуктан баягыл эле шылуундардын ооматы жүрүп, шордуулар көндүм болгон жырык тепшисинде калкый берет. Көрсө турмуштун “кемесин” туура тарапка багыттоого жүлүнү элим деп сыздаган эл башчы келгенде гана жарайт турбайбы? Эми андай журт башчыга туш болобузбу, же жокпу ал таптакыр башка маселе…

Өткөндө отуз жаштын белине чыгып ырахатын көрбөгөн, кырсыктан жайрап кеткен чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев кайтыш болгондо сай-сөөгүбүз сыздады. Эмдигиче кайгынын “кара булуту” айлананы каптап тургандай абалдабыз. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө кылычтай шилтенген чабуулдары коррупцияга белчесинен малынгандарды алдастатып, буттан чалындырып салганы даана билине баштаган. Ошондой батыл жүрүштөрү аркылуу тез эле элдин оозуна Уланбек орноп калууга үлгүрдү. Эми ага окшогон белдүү жигиттер биздин арабыздан чыгабы деген күйгүлтүк суроо коюлду алдыбызга? Ким билет, балким андай болбосо да өткүрлүгү, адалдык кадамдары менен калк кадырына татыктуу бирөө-жарымы чыгып калаар деп үмүт жандырып турсак неге болбосун? Кыргыздын камчы сапка жарактуу жаштары калк ичинде бар чыгар? Баса, коррупцияга жебе болуп сайылар күч түзүмдөрүнүн качан чыныгы дарамети билинет? Эски илдетинен булар качан кутулуп, казынаны каражатка толтура баштайт, төөнүн куйругу жерге тийгендеби?

Сөздүн өңүтү келип турганда дагы бир өрт жигитибиз тууралуу айтууну эп көрүп турам. Темир Жумакадыровдун арабыздан кеткенине он айдан ашты. Былтыр шайлоонун “дүбүртүндө” түз бараткан жеринен кырсыкка учурап, өмүрүнөн айрылган кайран жигитти азыр эстеген ким бар? Аны эстемек түгүл өз арбайын согууга кам көргөндөр “Т” деген тамганы мындан ары айтышаар бекен десең? Анткени өлгөн адамдын өзүнүн гана шору делген кеп бекеринен айтылбаган окшобойбу? Анын өзгөчө жаралган жигит экенин мурдагы ажо Алмазбек Атамбаев коштошуу зыйнатында көзүнө жаш алып, тамагы буулуп айтканын көз алдыбыздан дагы бир ирет өткөрүп көрөлүчү? Кыргыз өлкөсүнүн келечегине өз чыйырын саларына ишенген ажонун тилеги орундалбай калганы абдан өкүнүчтүү. Ошентсе да көкүрөктү эзген бир суроо жай алдырбайт. Эгерде Темир тирүү болгондо бүгүнкү орду каерде болмок? Ошол эле Сапардын жанындабы, же кайсыл жерде? Анткени Атамбаевге тишин кычыраткандар аны деле жаман көрсөтүүнүн жолун табышмак, же андай эмеспи? Командада болгондордун кимиси эсен чыкты? Болгону Таластын губернаторлугунан Бабановчуларга коркпой каяша айтып, баш баканга аз убакыт орун басар болгон Даир Кенекеевден, Новиковдон башка ким соо кутулуп кетти? Капыстан камактагылардын санын арбытууга Т. Жумакадыров “салым” кошкондо абал кай жагына оомок? Айтор, жан дүйнөнү козгогон суроолор түгөнбөйт. Былтыр күздө кырдаал курчуп турган кезде шайлоону кылдаттык менен алып баруунун туу башына эмне үчүн ошол кездеги өлкө башчы Темир Жумакадыровду дайындоого батынды? Анткени “Гавайи, Канар” аралдарын бүтүндөй сатып алууга каражаты жеткен Өмүрбек Бабановдун чабуулунан чоочуган. Өз падышасына ичи бышып, өзгөнүн “королуна” чуркап барган кишиден санаасы тынчыбаган. Мына ошонун “жемиши” болуп Темир бул дүйнөдөн кете берди. Көрсө шайлоонун “тегирмени” болгондо да оттой жанган азаматтарды чайнап салат экен. Азыр бул жигитти эстеп куран түшүрткөн бирөө-жарым барбы? Албетте, маркумду жакындарынан башка эч ким эстебейт. Бул кашкайган чындык! Кабатталып жазылган, мамлекетке пайдалуу делип кезинде табылган реформалык иш-кагаздарды азыр кайдан издеп таба аласың? Албетте, архивден, эгерде сакталып калган болсо. Т. Жумакадыровдун колуна кол болуп кошо жүргөндөрдү учурда кайдан издесе болот? Алар эми керексиз болуп калыштыбы? Жаштар командасы “критке” оңой эле чабылдыбы? Шыпырындынын алдында калган “брактар”мындан ары ишке колдонулбасы ушинтип ачыкка чыктыбы? Эмнеси болсо да суроонун артынан экинчиси, миңинчиси бериле берет. Тилекке каршы жооп болбойт, аттиң!

Учурда Темирдин жесири балдары менен мурдагы ажо сатып берген үйүндө жашоосун улантып келет. Темирдин атын алган фонд да түзүлгөнүн уктук. Ушул фондду эми кимдер каржылап, эмне иш алып барышары да күңүрттүктү ээлегегени бекерден эмес. Колдоо бийлик тараптан болбосо арымдары алгылыктуу болбойт дегенге негиз бар. Ошентсе да кичине жылт эткен сезимдер пайда болгону ырас. Дагы жакшы алдын-ала билгендей болуп тамдуу кылып коюптур. Болбосо азыр жүрмөк жесир эне балдарын жетелеп, ар кайсы чоңдун эшигин кайтарып, көзүнөн жашын чуурутуп. Эки айдан кийин Темирдин өлгөнүнө бир жыл болот. Жок дегенде ошондо досумун деп жар салган КТРКнын директору Илим Карыпбеков эскерүү уюштуруп берүүгө чамасы жетер бекен? Эски досторун, керек болсо Атамбаевди чакырып, көзү өтүп кеткен азаматты эскерип койгондон жаман атка конот дештен алыспыз. Акыйкатында Жумакадыров ошого татыктуу десек жаңылышпайбыз. Же адатына салып, оозун куу чөп менен аарчып, куйругун кыпчып шүк отуруп береби? Анткени айрым лөктөрдүн “каарына” калбоонун амалында болууга аракет кыларын деле сезүүгө акылдын кереги жок. Бирок, адамкерчилик дегендин баасы өтө бийик. Ошол эле мамлекеттик теле каналдар, гезиттер былтыр укмуш жоктошту эле, быйыл жок дегенде эскерүү бере алышабы? Себеби, “компастары” башка тарапка шыкылдап калары белгилүү эмеспи? Айтор, баш катырманын чеңгелиндебиз…

Ал эми Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө курулуш компаниясынын жетекчиси И. Ташов үй бермекчи болгону жакшы жышаан болду. Аттиң, биз дайыма убагынан өткөрүп ойлонуп калдык. Дале болсо түбөлүк жашоочудай түр көрсөтүп бири-бирибизге душмандык кылабыз. Ал тургай бир берилген өмүргө “балта” чабууга даяр болгон кара мүртөздөр, көркоолор бар. Керек болсо кечээ күнү кызыл тил таалыганча мактап, жактап жүргөндөрдү кайра “тирүүлөй көмүүгө” даяр турганыбыз өтө кооптуу. Бийлик, байлык деген колдун кири дегенге кол шилтегендер бир күндүк өмүрүндө “күлүк жорго” минүүгө умтулаарын деле жакшы билип калдык го? Айрыкча элитанын “каймагыбыз” дегендердин жосундары негедир ашынып баратат. Аларга шордуу элдин эртеңкиси эмес, өзүнүн жыргалчылыгы баарынан жогору турарын билсек деле тике карай албай жалтактайбыз, алдыңан чыкса жалпактайбыз. Мына ушул мажирөөлүгүбүз башыбызга муш болуп тийип жатканын мойнубузга алгыбыз келбейт. Айтор, ичибизден кылычтай суурулуп чыккан мыктыларыбыздын өмүрү кыска болуп жатканы эмнеликтен? Же биздин чыныгы жашообузду акырына чейин көргүсү келбегендиктен арабыздан жапжаш туруп кетип жатышабы? Бөтөн жерде сөөгү калып, кийин гана кайра касиеттүү жергебизге коюлган Исхак Раззаковдун таржымалынан нени болжолдосок болот? Эмнеси болсо да ичти уйгу-туйгу кылган омоктуу маселелер тынч алдырбай жатканы ырас. Дале болсо толук түрдө чагылдырууга жүрөк анчалык даабай турат. Себеби, ар бир тамгаңа “лупа” коюп текшерчүлөр түмөндөп кетти. Баскан кадамдарыңды аптеканын таразасына салып турган кези. Мурункуга кайрылдың дегичекти ошонун “командасында” болчу деп бирдемкени чаптай салчулар четтен табылат. Атаганат, айтпайын десең уйкуң качып жан алакетке түшүрөт. Ошентсе да учкай бирдемкени чүргөөгө батындым. Калганын мезгили келсе шардана кылаарбыз, аман бололучу…

Жора Сулайманов

Булак: “Ачык сөз”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: