Menu

72 жаштагы карыянын камалышына парламент депутаты Мирлан Жээнчороевдин үлкөн салымы бар экендиги чынбы?

Бөлүшүү:

Биздин гезитке буга чейин Рустам Майсызов аттуу жарандын өлкө башчысы менен башкы прокурорго, Жогорку соттун төрайымына адилеттик издеген кайрылуусу жарык көргөн. Рустам Майсызов жогорудагы жетекчилерге жолдогон кайрылуусунда 72 жаштагы атасы Исмар Майсызовдун негизсиз жагдайда бир жылдан бери камакта отурганын, учурда караңгы жайда отурган карыянын 2-даражадагы өтө жогорку тобокелчиликтеги гипертония оорусу, декомпенсация фазасындагы кант диабети, диабетикалык полинейрапатия баштаган бир катар оорулары күч алгандыгын, мындай шартта эң болбоду дегенде жашы келип калган аксакалды тез арада үй камагына чыгарып берүүнү өтүнгөн каты жарыяланган. Тийиштүү органдардын бул кайрылууну эч тоготпогондой жооп узатышпаганы кандай? Сот, прокурорлорго адам тагдырларын каалагандай калчап көнүп калышкан. Куру дегенде бул ишке президенттик аппарат үн катып, маселеге көз кырларын салып коюшса болбойбу? Баарынан кызыгы, 72 жаштагы карыянын камалышына парламент депутаты Мирлан Жээнчороевдин үлкөн салымы бар экендиги чынбы? Бул боюнча карыянын жакындары тарабынан жакынкы күндөрү тиешелүү далил документтер чыгып, эл өкүлүнүн бул кылгандары далилденсе уят болуп калбайбы? Биз албетге, Жээнчороевге карата азырынча суроо гана бердик. Эрки жетсе жооп берер. Баса, 72 жашында адилетсиз жагдайда камакта отурган Исмар Майсызовдун оор абалын коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев президентке жеткирбесе, оорусу күч алган карыянын абалы оорлошо берип, абал чатагына айланып кетпейби? Биз бул иштерге кылдат көз салып турмакчыбыз.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: