Menu

Кыргыз Республикасында көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүлөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасында көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан жетишилди. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө көмүскө экономиканын ар түрдүү тармактардагы масштабдарын изилдөө сыяктуу аспектилерине, фискалдык саясат жана жөнгө салуучу функция, “күзгүдөй” салыштыруу статистикасы, товарларды өндүрүү жана кызматтар маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча чаралар иштелип чыкмакчы.

Көмүскө экономика масштабдарын кыскартуунун маанилүүлүгүн эске алып, ЕРӨБ бул долбоорду ишке ашырууга эксперттик жардам жана техникалык көмөк көрсөтүүгө макулдугун берди.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын байкалбаган тармагы боюнча изилдөө өткөрүү жана аны кыскартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн эксперттерди (консультанттарды) жалдоо боюнча тендер жарыяланган. Тендердин жеңүүчүсү  PricewaterhauseCoopers LLP («PwC») компаниясы болгон.

Белгилей кетсек, экономиканын байкалбаган тармактарын кыскартуу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана сунуштардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2020-жж. экономиканын байкалбаган тармактарын кыскартуу иш-чараларынын Планы даярдалат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: