Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Натыйжасыз мамишканалар жоюлуп же ишенимдүү башкарууга берилиши керек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ишенимдүү башкарууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы долбоорлор үчүн өткөрүп берилүүчү мамлекеттик объекттердин тизмесин түзүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик менчикти башкаруу принциптерине өзгөртүүлөрдү киргизүү иштерин улантуу зарыл.

«Мамлекеттик менчиктеги мүлк калктын кызыкчылыгы үчүн иштеп, киреше алып келиши керек. Учурда мамлекеттик менчиктин саны көп болгону менен, ондогон гана ишканалар рентабелдүү иштеп жана жакшы натыйжаларды көрсөтүп жатышат. Натыйжасыз мамлекеттик ишканалар жоюлуп же ишмердигинин кайтарымын жогорулата турган  бизнес өкүлдөрүнө ишенимдүү башкарууга берилиши керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр айрыкча белгилегендей, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу институтун киргизүү үчүн алардын абалын талдап жана инвесторлорго МЖӨ алкагындагы долбоорлор катары кароого киргизүү зарыл.

«Аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында көрүлүп жаткан кадамдар өлкө экономикасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү компоненттердин бири болуп калат. Бүгүнкү күнү инвесторлор үчүн инвестициялык лотторду түзүү чечими кабыл алынды. Бул чечим бизнес үчүн бюрократиялык жана коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууну шарттайт. Лотторду түзүү өсүү түйүнү катары тандалган 20 шаарга инвесторлорду тартууга жол ачат», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз кезегинде Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев маалымдагандай, учурда токтоп турган жана жарым-жартылай пайдаланылган имараттардын, курулуштардын, жер тилкелердин саны көп.

«Аларды толук кандуу пайдалануу шарттарын түзүү максаттарында мындай объекттердин тизмеси түзүлгөн, бул биргелешкен ишканаларды ачуу жана башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бизнеске сунушталуучу 87 лот. 2018-жылдын сентябрында инвестициялык форум өткөрүү пландалууда, мында биз бардык лотторду сунуштайбыз. Мында инвесторлор аракеттешүүнүн ыңгайлуу механизмин өздөрү тандашат – МЖӨ алкагында иштешеби же ишенимдүү башкаруунун негизиндеби», – деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна айдын аягына чейин ишенимдүү башкарууга жана МЖӨ долбоорлору үчүн өткөрүп берилүүчү мамобъекттердин тизмесин даярдоону тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: