Menu

Эмне үчүн Жээнбековдук бийликке оппозиция жок болууда?

Бөлүшүү:

Ар бир мамлекеттин алына жараша оппозициясы бар. Бийликтин туура эмес кылып аткандарын бетке чаба «кой-ай» деген да ушулар. Ансыз бийликтегилер “өздөрүн өзү билип, өтүктөрун төргө илип”, жайыл дасторкон болуп кетишет эмеспи. Оппозициянын барынан биздин мамлекет эгемен алган жылдардан тарта эки жолу президенттерди «айдап отко салды». Азыр болсо кеп башка. Эмне үчүн бийликке оппозиция жок болууда? Дал ушул суроону жандырып көрсөк.

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат:

– Учурда биздин өлкөдөгү өздөрүн оппозиция санагандар деле бийликтен дурус эмес экен. Ошон үчүн сиздердин сурооңуздарды канааттандырар жообум жок болуп атат. Бул кейпибиз менен жүрүп отурсак, жакынкы 20-30 жылда алдыга өсүш жоктой сезилет. «Эл катары өсөлү» десек биринчи кезекте мамлекеттик системаны түп-тамырынан алмаштырыш керек. Мамлекеттик түзүлүштү так аныкташыбыз абзел. Бизде баары ботко болуп калган. Эч бир киши түшүнбөйт. Баары башкарат, бирөө да жооп бербейт. Баары коррупция менен шугулданып, мамлекеттин казынасына колун чеңгелдеп салат, бирөө да кайра куспайт…

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор:

– Коомубуз өтө бузулду. Адамдардын нравалык көз карашы өзгөрүлдү. Алдым-жуттум заманында жашап жатабыз. Сырты жалтырак көрүнгөнү менен ичи жийиркеничтүү абалдабыз. Оппозиция-позиция, хоппозиция-пропозиция да бүт кыймылын биринчи кезекте өзүнүн материалдык кызыкчылыгына койду. Аларды ээрчиген кээ бир жер-жерлердеги тил билгилер да жогоруда айтылгандай, жеке кызыкчылык аркасынан Кыргызстанда баардыгын сатса жана сатып алса болорун түшүнүшүп, тескери позицияны карманып турушат. Мындан сырткары, кошумча жасакерлик аябай күчөдү.

Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер:

– Бизде бийлик-байлык талашкан топторду «оппозиция» деп келдик. Эки жолу тең кызыкчылыктары төп келген адамдар бириге калып, «Акаевди кетирели, анан көрө жатабыз, Бакиевди кетирели, андан аркысын дагы көрө жатабыз» дешип, элди пайдаланышты, бирок кооз сөздөрдүн бири да ишке ашкан жок. Максат-тилек, кызыкчылыктары ар башка адамдар бир команда болуп кете албасын көрдүк. Азыр ушундай жакшы кырдаал түзүлдү, эгер оппозиция чыкса элди артынан ээрчите турган идея-программасы, команда-лидери, шартка жараша каражаты бар күчтүү саясый кыймыл түзүлсө гана коомду өзүнө бура алат. Азыр эл баардык окуя-көрүнүштөргө тез реакция кылууда. А мүмкүн азыркы бийлик эл мүдөөсүн кечиктирбей чечип кетсе, куюшканга кыпчылган оппозициянын кереги да жок!

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат:

-Бийликке чыныгы оппозиция пайда болуу үчүн саясый партиялар жана алардын лидерлери клон болбой чыныгы көз карандысыз күч болууга тийиш. А бүгүн «оппозициямын» деп кызмат берген күнү пропозиция болуп алгандар азбы? Жогорку Кецешти эле карабайсызбы? Жанталашышып, өзүнүн фракциясын сатып, көпчүлүк коалицияга кошулуп алгандарды эмне дейсиз?! Анан жеке таарынычтары барлар эле «кыз боозуп энесин коркутат» болуп, президентти коркуткандар кантип оппозиция боло алышат? Алар саясый эгоисттер! Бийлик аларга момпосуй берем десе кулакка чейин жылмайган түрдө чуркап барышат. Ошондуктан, жалпылап айтканда, саясатчыларда маданият да, принцип да, намыс да жок! Баары эле эмес дечи, арасында аз сандагы көзгө басарлар бар. Ал эми катуу тийсе кечирим сурайм…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: