Menu

Каныбек Иманалиев, депутат: “Депутат берген добушу үчүн эч убакта жооп бербейт”

Бөлүшүү:

– Каныбек мырза, экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Бишкек ТЭЦиндеги иш боюнча кошумча кишилерди жоопко тартуу тууралуу башкы прокуратурага арыз берген турбайбы. Бишкек ТЭЦи боюнча келишимди ратификациялоону колдогон комитеттердин биринин төрагасы катары сиздин да фамилияңыз аталып жүрөт. Буга не дейсиз?

– Биринчиден, депутат берген добушу үчүн эч убакта жоопкерчиликке тартылбайт. Ал Конституцияда жазылган. Экинчиден, комитеттин мүчөлөрү кол көтөрүп, макулдук берген келишимге кайсы гана комитеттин төрагасы болбосун кол коёт. Үчүнчүдөн, келген келишимге өзгөртүү, толуктоо киргизгенге парламенттин укугу жок.

– Анда алардын сизге койгон айыбы суу кечпейт турбайбы?

– Ооба, келечеги жок.

– Азыр эмне менен алексиз?

– Көлдө «Мекендештер» форумунда жүрөм.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: