Menu

Атамбаев Ардак грамота берген кытайлык жаранды Жээнбеков каматып салды

Бөлүшүү:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 19-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Бишкек ТЭЦин модернизациялаган кытайлык ТВЕА компаниясынын бир өкүлү камакка алынганын билдирген. Биз ал маалыматты Кyrgyztoday.кg сайтына жарыялап, 20-июлда президенттик аппаратка кайрылганыбызда  алар камакка алынган кытай жараны тууралу маалыматты тастыктап, бирок кененирээк маалымат кийинчерээк таратыларын убадалашкан. Ошондон бери бийлик тараптан, тагыраак айтканда ал кытайлык жаранды камакка алган УКМК тарабынан маалымат таратылбады.

Кечээ, 8-августта гана Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык уурдап-тоноолор боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында ТВЕАнын Кыргызстандагы өкүлү, кытайдын кыргыз жараны Мусажан Макелектин баш коргоо чарасын карап, аны 13-октябрга чейин камакта калтырды.

Ошондо кытайлык кыргыз Мусажан Макелек буга чейин сотсуз эле 20 күндөн ашык абакта олтурдубу? Мыйзам боюнча УКМК соттун чечими жок жарандарды 48 сааттан ашык абакта кармай албайт. Авторитардуу өлкөлөрдө деле бул норманы формалдуу болсо да сактоого аракет кылышат го.  А эгер сот болгон болсо аны элден эмнеге жашырышты? Сот аны 20 күнгө эле камакка алды беле?

Мусажан Макелек кытайлык жөнөкөй кыргыз эмес, окумуштуу атасы Макелек Өмүрбайдын аты “узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына” тараган адам. Өзү Кытайлык эң ири компаниялардын бири болгон ТВЕАнын Кыргызстандагы өкүлү катары көптөн бери белгилүү.  Азыр ири коррупциялык уурдап-тоноолорго шектелип жаткан Бишкек ТЭЦи жана Датка-Кемин долбоорлорун ишке ашырган ТВЕАнын өкүлү катары мурунку президент Алмаз Атамбаевдин командасы менен ынак мамиледе болгон. Алтургай 2016-жылы Алмаз Атамбаев ТВЕАнын өкүлү Мусажан Макелекти КР Президентинин Ардак грамотасы менен сыйлаган. Атамбаевдин сыйлыктарды өзүнө жакын, коррупцияга шектелген Икрамжан Илмиянов, Сапар Исаков, Айбек Калиев сыяктуу кишилерге берип келгенин эске алсак, Атамбаев бул бечара Мусажанды да жолдон чыгарса керек. Эми убалына калбаса эле болду.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: