Menu

Төлгөөчү: Келдибеков эки жылдан кийин креслого олтурат, аны мансап менен байлык кызыктырбайт

Бөлүшүү:

Бишкектин 10-кичирайонунда таш менен төлгө салган тили буруу айым бар. Биз аны менен кызматташуу боюнча суранып, Кыргызстанга белгилүү үч инсандын тагдыры боюнча сурамжылоо жүргүздүк. Ташкул Керексизов, Аликбек Жекшенкулов жана Ахматбек Келдибеков… Азырынча кичүүсүнөн кеп баштайлы. Эмесе, ырааттуу түрдө диалогду кагазга түшүргөнүбүзгө ортоктош болгула.

– Сабина айым, Ахматбек Келдибеков боюнча эмнелерди көрүп атасыз, кандай ойлорду айтасыз?

– Бул инсан жалгыз экен. Жалгыздыгы ушул – ал эч кимге ишенбейт. Досторунан, жадагалса туугандарынан да көңүлү калган. Бирок, сыр билгизбейт. Энергетикасы күчтүү, дайыма өзүнө ишенет. Себеби, күнүгө идеяны жарата билет. Кыялкеч. Алдына өтө чоң максаттарды коюп, тынымсыз аракетте экен.

– Кандай аракеттери бар дейсиз?

– Элүү чамасындагы курагы… Ден соолугуна өтө этият мамиле кылганын, көп жашагысы келгенин баамдадым. Ал дүнүйө-мүлккө кызыкпайт, азыр атын чыгарууну, эл астында кадыр-барктуу катары атак-даңкка жеткиси келет экен. Бирок, кекчилдиги аны артка тартышы мүмкүн…

– Кандайча? Чечмелесек болобу?

– Ал эки адамга өчөшүп алган. Биринчиси эркек, экинчиси аял. Эгерде буларга кек сактап жүрүп отурса, аларга жийиркеничтүү көз карашы менен умтула берсе, өзүнө зыян болот. Андыктан, кечирип салышы керек. Жеңилдеп калат. Эч качан алардан өч ала албайт. Жакынкы айларда аял киши менен капыстан жолугат, түз мамиледе сүйлөшүүгө шарт түзүлүүдө. Экинчисинен абайлашы зарыл, өчөшө берсе арты жакшы эмес. Алар да мартабалуу, элге белгилүү, бийик инсандар экенин аңдадым…

– Ахмат Келдибековдун саясый карьерасы кандай болот?

– Эки жылдан кийин креслого отурат. Элдин назарына алынарын көрүп атам. Ага чейин майда чыр-чатактардан, жолдо жүрүүдөн этият болушу зарыл. Өзү деле өтө сак, кылдат жүргөн жигит тура.

– Кыргыздарда күз келсе эле чыр-чатактар башталат эмеспи. Келдибеков саясый иш-чараларга катышабы?

– Бул азыр бийликтин да, аларга каршылардын дагы адамы эмес. Саясый шоуларга аралашпайт. Четте карап турат. Себеби, майнап чыкпай турганын ал билет…

– Достору көппү?

– Өтө көп. Бирок, бирөөнө да ишенбейт. Алданган, досторунан күйүп калган…

– Анда максаты эмне дейсиз?

– «Атак-даңк» дебедимби жогоруда. Атын калтырууну ойлойт. Мансап, байлыкты басып өткөн, бул жагына кызыкпайт…

– Азыркы жашоосу боюнча айта аласызбы? Кандай аракетин байкадыңыз?

– Бир адамдан көп нерсени үмүт кылып, ошол боюнча көп ойлонгонун, кыжалат болгонун сездим. Өзү деле элестетип аткандыр, андан оолак болуп эле жай турмушта жашай берсин. Эч качан андан жакшылык күтпөй койсо… Оомат, берешендик мезгил азыр келбейт. Андан көрө кайрымдуулук иштерин кылса жакшы. Ахмат динге караганда кыргыздын баатыр, олуя аталарына көбүнчө берилет экен. Күзүндө Ысык-Көлдөгү бир мазарга барышы мүмкүн. Ошол жерден кан чыгарып, куран окутуп, сыйынса иши илгерилейт…

– Сиздин айткандарыңыз туш келбей калсачы? Тим эле жомок сыяктуу го?..

– Мен таш төлгө салып атам…

– Бул таштарды кайдан тапкансыз?

– Ысык-Көлдөн, Тоңдон…

Адыл Баясов

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: