Menu

Абылгазиевдин отставкасы жакындап калдыбы?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын экономикасындагы кырдаал далайлардын көңүлүн жубатпай турат. Чын. (Эмне үчүн экенине чокудагылар чычалабай, арданбай, калыс байкоо салып көрсүн.) Жарым жылдык статистикалык маалыматтар мунун далили. Анда, экономиканын жылбай туруп калганын көрсөтүүдө. Бюджеттин тартыштыгы да өсүп жатат. Мамлекет чогулткандан көрө көбүрөөк коротууда. Мындай кырдаалда чиновниктердин башына таң калаарлыктай ойлор келе баштайт окшобойбу. Адегенде суунун тарифин көбөйтүү сунушу айтылды. Анан Кыргызстандагы уюлдук телефондорду каттоо керек, бул жүз сом тураарын (баса, мындай бааны асмандан эле алышты окшойт, болбосо эмнеге 50 же 200 сом эмес?) кеп кылып калышты. Кечээ эле экономика министри Панкратов Олег сатыктан түшчү салыкты (ар бир товардын наркынан 2 ден 5% га чейин) 2, 5 эсеге көтөрүүнү сунуштады. Мунун себебин О. Панкратов абдан таң калыштуу атады. Көмүскө экономиканы ушинтип жеңебиз деди. Ошондуктан бул салыкты нак акчага товар саткандардан гана чогултушмакчы. Салык инспекциясына аларды көзөмөлдөгөнгө бир топ кыйын болот, анткени киргизилип жаткан жаңылык сатуучуларды пластикалык картага жана нак акча менен иштебеген башка жолдорго өтүүгө түртөт.

Четтен караганда бул бир болбогон иштей көрүнөт. Көмүскө экономиканын өкүлдөрү эч кандай салык төлөө дегенди билишпейт, алар текшерүүчүлөр менен жең ичинен келишип алат же алардан бекинип жүрүшөт. Анан алар ушул салыкты төлөйбү?

Башка бир суроо – ансыз да каржалып, араң турган экономиканы жаңы салыктар менен муунтуунун кереги барбы? Балким, аны бир аз өзүнө келгенге дейре кичине болсо да дем алдырыш керектир? Баса, кызыгы – Сооронбай Жээнбеков “аймактарды өнүктүрүү жылы” деп атаган ушул жылда киргизилип жаткан жаңылыктан биринчи кезекте так аймактын жашоочулары, айылдыктар жабыр тартаарын кандай түшүнөбүз? Анткени айылдарда банк картасы кайдан? Ал жакта элдин баары баягы эски замандагыдай дагы эле “күркөлөргө” барышат да.

Салыкты көтөрүү туурасындагы мындай кабарды уккандардын учурда кыжыры кайнап турат. Алардын антип жатканын социалдык тармактар аркылуу ачуусун чыгарып жаткандардан байкасак болот. Андайлар өтө эле арбын. О. Панкратов жогоркудай түшүндүрмөсүнөн аз өтпөй салык азырынча көбөйтүлбөгөнүн айтып, “мунун кереги барбы, жокпу, ошону гана изилдейли дегенбиз” деп дароо актанып чыкты.

Бул боюнча финансы менен экономиканы изилдегендер да бир топ пикирлерин айта баштады. Алардын бири эксперт Михаил Халитов эгерде анализ жасай турган болсо, анда бир гана салык боюнча эмес, бүткүл салык системасы боюнча анализдеп чыгуу керек деп белгилеп: “ Экономика министрлиги болсо коомчулукка бирдемени алып чыгуудан мурда, бир салыкты гана эмес, жалпы салык системасынын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка туруштук бере аларын изилдеп чыгышы керек эле. Өлкөдө экономика министрлиги өтө төмөн деңгээлде иш алып барып жатканына дагы бир жолу ынандым. Болгону салык төлөөчүлөрдүн акчасын жеп коюп, коомдун бир бөлүгүнүн баюусуна кол кабыш кылган, чиновниктердин жалаң көзүн жазгыруу менен гүлдөп аткан, менчиктелип алынган маморган катары кабылдадым”-дейт.

Көк үйдөгүлөрдүн айткандарына караганда, кол астында иштеген министринин мындай демилгеси премьер-министр Абылгазиевдин кыжырын катуу келтириптир дешет. Ал демилгенин авторлорунан кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазууну талап кылганын өкмөттүн аппаратындагылар да ырастап жатышат.

Эгерде анын каары туурасындагы имиштер тастыктала турган болсо, анда Экономика министрлигинде бир нече “баштар тоголонмокчу”. Эгер жогоркулар чындап эле бул чала сабат “ойлоп табууларга” чындап маани берсе иш Панкратов Олегдин орун басарлары менен гана чектелип калбай, министрдин өзү да кызматынан кол жууп калышы мүмкүн. Анда мындай кадам логикага туура келмек, мамлекет үчүн дагы. Анан калса Жогорку Кеңеште жана башка бийик чөйрөлөрдө ушул күздө жумушун аткара албаганы үчүн премьердин өзүн дагы отставкага кетирүү туурасында кептер айтыла баштады.

Булак: “Айгай”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

65 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: