Menu

Премьер-министр Абылгазиевдин айткандары боксер Марат Мураталиевге кандай «удар» болгонун биле албадык

Бөлүшүү:

Өкмөттүн башчысы  Мухаммедкалый Абылгазиев жакында адаттагысындай эле кеңири кеңешме өткөрдү. Андагы маселелердин бири болуп – жалпы билим берүү мекемелеринин 2018-2019-окуу жылына даярдыгы тууралуу маселелер каралды. Кеңешменин жүрүшүндө М. Абылгазиев Талас облусу боюнча өкмөттүн ыйгарымдуу чоңу Марат Мураталиевден Талас областында каттоодон өтпөгөн канча мектеп бар экенин сурап калат. Тигиниси жанында тиешелүү документтер жок экендигин жүйөө кылып, сабакка даярданбай келген окуучудай жер карап мостоет.  Ансыз деле андан башка маселелерге жаны ачып турган премьер-министр: «- Сиз эмне, чай ичкени келдиңизби? –  Же компьютер ойногонубу ? Сиз өкмөттүн кеңешмесине келдиңиз. Жаныңызда жок дегенде кагаз же планшет болушу керек. Эгерде дагы бир жолу ушундай болуп келсеңиз, анда залга  кирбейсиз» – деген экен. Өкмөт башчынын бул айтканы боксер Мураталиевге кандай «удар» болгонун биле албадык, бирок, «башчың кандай болсо ашчың деле ошондой болот го?» –деген ой кетти.

Булак: «Айгай»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: