Menu

Түркиянын Анталия шаарындагы кыргыздардын КР Президенти Сооронбай Жээнбековго жана Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылуусу

Бөлүшүү:

Урматтуу президент!

Урматтуу премьер-министр!

Биз, Түркиянын Анталия шаарындагы мейманканаларда эмгектенген кыргыз жарандары күтүлбөгөн ситуацияга кабылдык. Анталия курорт-шаар болгондуктан бул жерде ар бир 50 метрде бирден отель жайгашкан. Анын ар биринде 50дөн 200гө чейин кыргыз эмгек мигранттары ар түрдүү кесиптерде, тейлөө кызматтарында иштейт. Бул жака жазында келе жатканыбызда бир айлык акыбыз 1600 түрк лири деп макулдашканбыз. Түрктөр аны өз убагында эле төлөшөт. Бирок, биз келгенде, жазында 1 АКШ долларынын курсу 3,5 түрк лири турчу да алган 1600 түрк лирибизди долларга алмаштырганда 420 доллардан айлык алчубуз. Анын жарымын Кыргызстанга үй-бүлөлөрүбүзгө, жакындарыбызга жөнөтчүбүз, жарымына өзүбүз жашачубуз. Анан быйыл май айынан тартып Түркияда инфляция башталды да доллар күн сайын кымбаттап олтуруп, азыр 1 АКШ доллары 6,5 түрк лири болуп калды. Ошондо алган айлыгыбыз 1600 түрк лирин долларга алмаштырганда 250 доллардын тегерегинде чыгып калды. Инфляциядан улам биз айлыгыбызды доллар менен эсептегенде жарымына жакынын жоготтук. Кыргызстанга, жакындарыбызга мурдагыдай акча сала албай калдык. Тапканыбыздын баары өзүбүздүн жашоого гана жетип калды. Түрк жумуш берүүчүлөрү айлыгыбызды мурдагыдай эле 1600 лирден берип, инфляцияга жараша индексация кылбай жатышат. Көчөгө чыксаң эле ыйлап-сыктаган кыргыздар банкрот болуп жатышканын айтып арызданышат. Айрыкча Кыргызстандагы кредитин жаап жатышкан эжелер ыйласа жанына чыдап тура албайсын. Ушуга байланыштуу сиздерден колдоо күтөбүз. КР Тышкы иштер министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги азыр Түркияда түзүлгөн абалга карата кандайдыр бир чараларды көрүп, кыргыз эмгек мигранттарынын укугун коргой алабы? Айлыктарыбызды инфляцияга жараша индексация кылуу жолун табууга укуктук жардам беришеби? Биздин Анкарадагы элчилик менен Стамбулдагы консулдуктун өкүлдөрү Анталияга келип кыргыз эмгек мигранттарына укуктук жардам көрсөтө алабы? Бизди, карапайым кыргызстандыктардын муңун бул жерде эч ким укпайт. Ошондуктан биздин жогорку бийлик Түркиянын жогорку бийлигине расмий чыгып, бир мыйзамдуу жолун табабы деген үмүттө сиздерге жазып, кайрылып жатабыз.

Урматтоо менен Анталияда жашаган кыргыздардын атынан отелде ашпозчу болуп иштеген Жоомарт Сарыбай уулу

Түркия, Анталия шаары

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: