Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Биздин милдет – аймактарды арзан жана узак насыялык ресурстар менен камсыздоо»

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана «Кепилдик фонду» ААКсы тарабынан ишке ашырылган жаңы каржылык продуктулар маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Премьер-министр баса белгилегендей, 2018-2022-жылдарга аймактык саясат Концепциясынын алкагында акценттерди туура коюп жана артыкчылыктуу багыттарды илгерлетүү зарыл. Ошол эле учурда агрардык өнөр жай комплекси, кайра иштетүүчү өнөр жай жана соода тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу менен бирге туристтик тармакка өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.

Кеңешменин жүрүшүндө РКӨФ жана Кепилдик фондунун ишмердиги тууралуу, анын ичинде алар тарабынан аймактарда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө маалыматтар сунушталды.

РКӨФ төрагасы Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, Өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы суммасы 279 млн АКШ долларына 1451 долбоор жактырылган. Алардын ичинен чакан жана орто бизнеске 125 млн АКШ доллары , ири бизнести өнүктүрүүгө – 154 млн АКШ доллары багытталган. Салттуу түрдө артыкчылыктуу багыттар катары агрардык өнөр жай комплекси жана өндүрүш тармагы саналат, алардын каржыланган долбоорлордун жалпы портфелиндеги үлүшү 55%дан ашуун.

«Белгилей кетчү нерсе, долбоорлордун 80% аймактарга туура келет. Аймактарда ишкерлерди өбөлгөлөө жана долбоорлордун үлүшүн көбөйтүү үчүн 2018-жылдын башында РКӨФда аймактарда өнүктүрүүнүн чаралар комплекси иштелип чыккан,- деп билдирди Эркин Асрандиев. – Ошентип, 2018-жылдын июлунда республика боюнча аймактык консультациялык борборлор ачылган, мында консультанттар акысыз маалымат беришет жана дыйкандар менен малчыларга бизнес-пландарын даярдоо, РКӨФ линиясы боюнча каржылоо алуу үчүн жардам көрсөтүшөт».

Анын маалыматында, РКӨФ «Кепилдик фонду» ААКсына аймактык ишкерлерге кепилдик берүү үчүн 100 млн сом берген. Аймактарда чакан жана орто бизнести колдоо үчүн түз каржылоо лимити 1 млн АКШ долларынан төмөндөтүлгөн. Эми аймактык ишкерлер РКӨФдан 300 миң АКШ долларына чейин жеңилдетилген насыяны түз ала алышат.

Республикада экономиканын артыкчылыктуу тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу жана аймактарда ишкерликти өнүктүрүүнү өбөлгөлөө максатында Фонд тарабынан ошондой эле өзгөчө шарттары менен адистештирилген насыялык продуктулар иштелип чыккан, аларда гранттык негизде техникалык жардам сунуштоо жана өбөлгөлөө механизмдери каралган.

Өз кезегинде «Кепилдик фонду» ААКсынын төрагасы Малик Абакиров маалымдагандай, фонддун иштөө мезгилинде 800дөн ашуун жаңы жумуш орундары, 100 млн сом суммасына 28 экспортко багытталган долбоорлор түзүлгөн, 522 кепилдик берилген.

Аймактарда ишке ашырылган жаңы программалардын жана каржылык каражаттардын ичинде «Бир район – бир ишкана» программасы, бардык аймактык өкүлчүлүктөрдө – финансылык консалтинг, бүтүндөй аймактарда ишкерлерди колдоо борборлору ачылган.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, «Кепилдик фонду» ААКсы жана РКӨФ өз ишмердиктеринде эң ириде өлкөнүн аймактарын колдоо максатын коюуга тийиш. Бул Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды коюп, 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу өзгөчө актуалдуу.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, РКӨФ жана «Кепилдик фонду» ААКсы аймактарда малчыларга жана дыйкандарга арзан жана узак насыялык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо иштерине өзгөчө көңүл буруулары жана күчтөндүрүүлөрү кажет, бул өлкөнүн аймактарын жана экономикасын өнүктүрүүнү шарттайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: