Menu

Кыргызстанда маалыматтын чын-төгүнүн тактоочу сайт ачылды

Бөлүшүү:

Кыргызстанда Интернет айдыңында тараган маалыматтардын, журналисттер жазып жаткан кабар-баяндардын чын-төгүнүн аныктоого багытталган сайт иштей баштады. Быйыл 1-июнда ачылган factcheck.kg сайты өлкөдө медиа сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында эл аралык “Сорос-Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосунда иштеп жатат.

Анын негизги максаты – фейктердин бетин ачуу жана окурмандарды ар бир маалыматка дароо ишене бербестен, сын мамиле менен кабыл алып, чын же жалган экенин билүүгө үйрөтүү. “Жазылгандын баары – чындык эмес” дейт сайттын башкы редактору Болот Темиров.

Сайтта маалымат каражаттарында чыккан макалаларга талдоо жүргүзүү, чындык менен токулган маалыматты айырмалай билүү ыкмалары аудио, видео жана текст түрүндө орусча жана кыргызча жарыяланып турат. Азыр сайтта элүүгө жакын талдоочу, маалыматтык баяндар бар.

Жарандар же басылмалар кай бир кабардын, сүрөттүн чын-төгүнүн билүүнү кааласа, сайт аркылуу адистерге кайрылса болот.

Фактчекинг – журналисттик иликтөөнүн бир түрү жана учурда эл аралык трендге айланууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: