Menu

Казакстан ТИМи: Каспийге АКШнын аскер базалары жайгаштырылбайт

Бөлүшүү:

Казакстан Каспий деңизинин аймагына америкалык аскер базаларын жайгаштырбайт. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости агенттигине Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, жекшемби күнү Актау шаарында кол коюлган конвенцияда Каспийге аймакка тиешеси жок өлкөлөрдүн аскер күчтөрүн жайгаштырууга тыюу салынгандыгы жазылган.

Абдрахманов айрым орус ЖМКлары менен эксперттери Казакстан аркылуу америкалык жүктөрдүн ташылышы тууралуу чыныгы фактылар жөнүндө жакшы билбей тургандыктарын белгиледи.

Ал мында кеп Ооганстан өкмөтүн колдоо операцияларын улантуу үчүн керек болгон жүктөрдү коммерциялык негизде темир жол аркылуу ташуу жөнүндө болуп жатканын айтты. «Каспийге АКШнын же башка чет өлкөлөрдүн аскер базаларын жайгаштыруу жөнүндө сөз жок», — деди казак ТИМ башчысы.

Анын айтымында, АКШ жүктөрүнүн «транзити үчүн Казакстандын гана эмес, башка өлкөлөрдүн дагы аймактары пайдаланылууда». Ал Казакстан болгону бул максатта Актау жана Курык портторун пайдаланууга уруксат бергенин белгиледи.

19-апрелде Казакстан парламенти Ооганстанга жүктөрдү жеткирүү тууралуу АКШ менен түзүлгөн келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: