Menu

Бүгүн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болот

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 13-августта Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча  Улуттук кеңештин жыйыны өткөрүлөт, – деп маалымдайт президенттин аппаратынын басма сөз кызматы.

2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын долбоору каралат. Ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоору талкууланат.

Биринчи маселе боюнча Улуттук кеңештин Катчылыгынын доклады угулат. Экинчи маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат берет.

Улуттук кенештин жыйынына мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилери, бейөкмөт уюмдарынын жана бизнестин өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кеңири курамда катышат.

 

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы:

 

Жээнбеков Сооронбай Шарипович – Кыргыз Республикасынын Президенти, улуттук кеңештин төрагасы;

Джумабеков Дастанбек Артисбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Токбаева Айнаш Абдымановна – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;

Өмүркулов Иса Шейшенкулович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын лидери;

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынын лидери;

Турускулов Жыргалбек Куручбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери;

Төрөбаев Бакыт Эргешевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери;

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир бол” фракциясынын лидери;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси (кызмат боюнча);

Сагынбаев Дамир Казакович – Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;

Джамшитов Өткүрбек Асилбекович – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

Шайлдабекова Нуржан Кармабековна – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;

Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

Марипов Улукбек Асамидинович – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;

Панкратов Олег Михайлович – Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Ахметова Нурсулу Меирбековна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы;

Дикамбаев Азамат Шамильевич – Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;

Борцова Светлана Валерьевна – “ЭкоПартнер” консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору, экология боюнча көз карандысыз эксперт;

Усупбекова Айнура Максатбековна – “Жарандык Платформа” коомдук фондусунун директору;

Юлдашева Азиза Узгеновна – “Жер Азыгы” Кыргызстандын агробизнесмендеринин ассоциациясынын (КАА) аткаруучу директору;

Койчуманов Таалайбек Джумашевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;

Кыдырбаев Улук – Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы;

Добрецова Надежда Николаевна – Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: