«Менин түбүмө жеткен эң башкы каталарымдын бири – өз учурунда Россиянын Грузиядагы резиденттери болгон Нино Бурджанадзе менен Бидзина Иванишвилини кылмыш жоопкерчилигине тарттырбаганым болду”, – деп билдирди Грузиянын бозгундагы экс-президенти Михаил Саакашвили “Рустави-2” телеканалына 1-августта берген интервьюсунда.
“Армениянын премьер-министри Пашинян менин каталарымды эске алып, Россиянын Армениядагы резиденттеринин баарын камап жатат. Бул туура. Армениянын жаштары менин Грузиядагы реформаларым тууралу китептеримди окушуп, жакшы жактарын алып, өздөрүнө пайдаланып, каталарымды кайталабоого аракет кылып жаткандыгы жакшы көрүнүш. Мен Арменияга, Пашинянга ийгиликтерди каалайм”, – деди Михаил Саакашвили.
Маалымат иретинде: Нино Бурджанадзе – Грузиянын 2001-2008-жылдардагы экс-спикери, 2013-жылы президенттикке талапкер. Бидзина Иванишвили – Россиялык, кийин грузиялык олигарх. 2012-жылы Россиялык атайын кызматтардын жардамы менен “Грузин кыялы” аттуу партия түзүп, парламенттик шайлоодо жеңип чыккан. 2012-2013-жылдардагы өлкөнүн премьер-министри.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ