Menu

Президенттин алдында кандай олуттуу маселелер бар?

Бөлүшүү:

Тогуз ай. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө башына келген ушул аралыкта кандай иштерди бүтүрдү? Сооронбай Шарипович президенттик бир жылдык мөөнөтүнө чейин, арылатканда, жаңы жылга дейре кандай иштерди тез арада бүткөрүшү керек? Кадрдык саясатты жандандырыппы? Же абактагы саясый туткундарды бул аралыкта бошотушу керекпи? А балким өкмөттүн өлөсөлүү ишине олуттуу көз караш менен карап, социалдык-экономикалык абалды жөнгө салышы зарылбы? Күн сайын кедеринен кетип жаткан тышкы саясатыбызды жолго салганга кудурети жетеби? Биз бул жагына сереп салып, коомдогу кайсы орчундуу көйгөйлөргө өлкө башчысы тезирээк олуттуу мамиле кылышы керектигин адистер аркылуу коңгуроо кактырдык. Балким коом ичинде биз жолдогон сунуштар суу кечип, президент адилеттүү сындардан жыйынтык чыгарып калаар.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:

– Биринчи кезекте Конституцияда бекитилген президенттин ыйгарым укуктарынын чегин өзү үчүн так аныктап, мурдагы президент билип-билбей ал чектерден чыгып кеткен учурларга карата өз оюн, өз пикирин коомчулукка так билдирип, өзү дагы, башка бийлик бутактары (Жогорку Кеңеш, өкмөт, сот жана прокуратура, жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрү) дагы ар ким өз ыйгарым укуктарынын чегинде иштешин камсыз кылууга аракеттерди жасоосу зарыл. Президент өз ыйгарым укуктарынан чыкпай иштеп, башкаларды дагы ошол нукка бура алса, ошондой ишти камсыз кыла алса, анда өз озуйпасын аткарган болот.

Кыяс Молдокасымов, коомдук ишмер:

– Мамлекет башчысы тогуз ай ичинде шайлоо алдында убада кылган коррупция менен күрөшүү аракетин улантып жатат. Бул жагынан иштер улаңууда жана уланат деген ишенимдебиз. Кадр маселеси жагынан да жаңыланууга аракеттер болууда. Бирок Башмыйзамга ылайык президенттин ыйгарым укуктары өтө эле чектелүү экенин турмуш өзү көргөзүүдө. Социалдык-экономикалык багыт боюнча Башмыйзамга ылайык ишти өкмөт алып барышы зарыл. Бирок, азыркы өкмөт чабалдыгын көргөзүп жатат. Алар стратегиялык багыты жок, күнүмдүк иш-аракеттен өйдө көтөрүлө албай жаткандай сезилип жатат. Андыктан алдыдагы үч ай ичинде президент чечкиндүү кадамдарды жасоого аргасыз болору анык болуп калды. Тышкы саясат боюнча да Сооронбай Шарипович туура кадамдарды жасоодо. Алгач жакын кошуналар менен мамилени бышыктап, андан соң негизги мамилени Чыгыштагы кошунабыз менен Орусияга буруп жатканы колдоого аларлык көрүнүш. Сырткы саясатты ишке ашырып жаткан тышкы иштер министрлиги жаңыланууга муктаж. Менин байкашымча, президент өз аппаратына жаңы багыттагы стратегиялык иш-чараларды, туруктуу программаларды иштеп чыгып, сунуш кылууну талап кылып жатат. Буюрса, сентябрь айында жаңы бир стратегиялык программасын ачыктаганы турат. Албетте аны кыйшаюусуз ишке ашыруу үчүн мамлекеттик масштабда ойлонгон, иш жүргүзгөн жаңы жүздөр, жаңы өңдөр талап кылынат. Бул жагынан да иш алдыга жылат деген ишеним бар. Эгер кардиналдык жаңылануу, чечкиндүү аракеттер болбосо, элдин жанданган ишеними солгундай баштоосу анык. Маселени ага жеткирбөө жагын эмитен колго алуу зарылдыгы бар.

Токтогул Какчекеев,  саясый серепчи:

– Биринчиден, президентке мындай талапты коюуга Конституция боюнча негиз жок. Конституция боюнча мамлекет башкаруу жолунда мындай айкын милдеттер жок. Ал документ боюнча чектелген гана милдеттер бар. Демек, «мыйзамчыл мамлекет» деген түшүнүк негизги мыйзамга жазылгандан кийин анын чегинен чыкпаш керек. Бирок, өлкө башчыбыз «мени эл шайлаган, ошондуктан, мен мамлекеттин башкаруу жолунда болом» деген нукта келе жатат. Бул жаңы саясый мамлекеттик көз караштын өзгөрүлүшүнө карата бир топ башкаруу системасын талкалап дал келтириш керек. Жакында Роза Отунбаеванын санаалаштары менен бейөкмөт уюмдардын кетекчилерин президент коомчулук катары кабыл алып, колдоого алганы маалым болду. Демек, кайсы жана кандай коомчулук колдоорун түшүнө баштады. Азыркы өлкө башчыбыздын тогуз айдын ичинде көзгө көрүнгөнү, кулакка угулганы бул коррупция менен күрөшүү, андан кийинкиси бул кадр маселесин камтыган кесиптүүлүктү күчөтүү жана ага байланыштуусу бул ротация темасы. Бул маселе шахматтагы рокировкага барабар. Өз кадр стратегиясын жемиштүү жолго салыш үчүн, башкаруу системасын тоталдык көзөмөлгө алуу үчүн ушундай ыкма пайда болот. Мындай саясат бөлөк өлкөлөрдө да болгон жана боло берет максаты саясый жол тазалоого алып келет дагы, айтылып жүргөн командага жол ачылат. Ошондой эле өлкө башчыбыздын алдындагы эң зарыл маселелердин бири бул Кумтөр көйгөйү турат. Бул маселеге көңүл бурулуп, коррупциянын чоң тамырлуу абалын аныктоо зарылчылыгы болууда. Болбосо, майда-чүйдө ууру-жегичтер менен күрөшүү деңгээлинде кала берет.

Абдрахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр:

– Мен ойлойм, биринчи кезекте коррупция менен күрөшүү багытындагы козголгон кылмыш иштерин калыс, мыйзамдын негизинде тергөөнү аягына чыгарып сот органдарынын адилетүү чечим кабыл алышына жетишүү керек. Ошондуктан «коопсуздук кеңешинин жыйынында жарыялаган демилгелери ишке ашууда» дел элдин ишеними жогорулайт. Кадр тандоо маселесинде да өзү айткан, «ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» принцибин ишке ашырууга жетишсе, мүмкүн кадрларды тандоо, сунуш кылуу, шайлоо, дайындоо боюнча жаңы механизмдерди камтыган мыйзам долбоору иштелип чыкса жакшы болмок. Албетте, коомчулук тарабынан саясый туткундар катары каралып келе жаткан инсандардын кылмыш иштерин көз карандысыз комиссия иликтеп чыгып, өз сунушун берсе жаңы ачылган жагдайга ылайык кайра тергелип чыкса, жыйынтыгы коомчулукка ачык жарыяланса туура болот эле. Президент өзү жарыялагандай өкмөттүн иши жакшы жүрүшпөй жатса, өз сунуштарын берип, алардын ишмердигин жандандырууга түздөн-түз салымын кошуп турганы туура болот. Парламент менен бирдикте өкмөттүн курамын сын көз менен карап, жараксыз кадрларды алмаштырып, алардын ордуна билимдүү, тажрыйбалуу, таза, мекенчил инсандарды алып келсе мамлекеттин өнүп-өсүшүнө чоң өбөлгө болот эле.

Адилет Айтикеев, журналист:

– Президент Сооронбай Жээнбеков майда-чүйдө кадамдары менен экс-президент Атамбаевден башкачараак саясат жүргүзгөнгө аракет кылып жатат. Бирок, негизинен алганда мамлекетибизде андай деле радикалдуу өзгөрүүлөр болбойт. Анткени, радикалдуу өзгөрүү реформалары болуш үчүн жетекчинин дарамети ошого ылайык болуш керек. “Биз эми Сооронбай Шариповичтин дараметин жакшы билебиз да. Балким анын президент катары жакшы ниеттери бардыр. Жалаң эле камакка алуу же кылмыш ишин козгоо менен бүтүндөй өлкөнү тартипке салып, реформа кылыш мүмкүн эмес. Анткени, бир ууруну камасаң, экинчи ууру анын ордуна келет. Албетте, коррупцияга каршы күрөштө камакка алуу да керек, бул дагы өзүнчө жакшы нерсе. Бирок, ошого удаа уурдабай тургандай система түзүш керек да. Азыр Бишкектин эки экс-мэрлери, эки өкмөт башчысы камакта жатышат. Азыр камактагы саясый туткандарды бошотуш керек. Бирок, президенттин «камактагы саясатчыларды бошотоюн» деген ниетин деле көргөн жокмун. «Текебаев, Талгарбековду же Садыр Жапаровду чыгарсам эртен, мага тоскоолдук кылат» деген күдүк ойлору болсо, анда Сооронбай Шарипович буга чейинки президенттер түшкөн аңга өзү да түшөт. Негизи өзү деле ошол жолго баратат окшойт. Учурда өлкө башчыбыз Өмүрбек Абдрахманов айткандай, эски «Москвичти» бир аз оңдоп алып айдагысы келип жатат окшойт. Бирок, андан эч кандай өзгөрүү болбойт да. Ал эми соттор боюнча сөз жок. Булар азыр мурдагыдай эле Акүйдүн 7-кабатынан, башкарылып жатканы жиндиге деле маалым болууда. Эски көч реалдуу түрдө уланууда. Системаны өзгөртпөсө болбойт. Эң ириде өзгөрүүнү чириген сот системасынан баштаса дээр элем.

ИйгиликБОЛСУНБАЕВ

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: