Menu

Ден соолукка кам көрүүнүн сырлары

Бөлүшүү:

• Көз шиший берсе тууралган укропту бир аш кашык кайнаган суу куюп, муздаганча (жылуу болгуча) күтүү керек. Жылуу болгон кезде кебезди сууга малып, көзгө баскан пайдалуу.

• Кан басым тез-тезден көтөрүлө берген адамдар сууга бышкан картошканы көп колдонгону жакшы.

• Ашказанда жарасы бар адамдар күндө эртең менен бир кашык сары май менен бал жана эки чийки жумуртка жутуп тургану өтө пайдалуу. Бул ыкма ашказан жарасынын тез айыгышына жардам берет.

• Заара чыгаруу жолдоруна суук тийген болсо, каакым гүлүнүн жалбырактарына 1 стакан кайнаган суу куюп, 5-10 мүнөт тундуруп коюңуз. Бир аз муздагандан кийин ууртап ичкен пайдалуу.

• Өтү ооруган адамдар бүлдүркөн жемишин жеш керек.

• Вереск өсүмдүгүнүн жаш бутагын кургатып, чай сыяктуу даярдап ичсе баш оору басылат.

• Өпкө туберкулезу менен ооруган адамдар сөөл жыланды (черви дождевые) бир стаканын 500 грамм аракка салып, бир жума тундургандан кийин бир аш кашыктан күнүнө үч маал тамакка чейин жарым саат мурун ичсе пайдасы мол.

• Адамдын тамагы шишип, добушу кырылдап калганда кадимки кумду аллюминий табакка ысытып, калың чүпүрөккө ороп, кекиртекке басыш керек. Бул ыкманы күнүнө жети-сегиз жолу кайталасаңыз тамак оору тез басылат.

• Адамдын нерви катуу стресске кабылганда тырмагынан алаканына чейин муздак сууга салып отурса, ачуусу басылат.

• Тырмак сынып, бетинде кыртыш кала турган болсо, ага бал менен пияз сүйкөп койсо болот.

• Териңизди күйгүзүп алсаңыз бал же картошка ороп коюңуз.

• Денеге жара чыгып, ал ириңдеп кетсе сабизди майдалап сүргүчтөн өткөрүп таңган жакшы. Ал ооруну тез басып, ириңди сорот.

Интернет булактарынан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: