Menu

Ажырашуу тууралуу ой келе баштады

Бөлүшүү:

Жүрөгүмдү өйүгөн, турмушумдун будуң-чаңын чыгара турган же өмүр бою жүрөгүмдү кыйнаган сыр болчу оор акыбалга кабылдым. Мен кош бойлуумун. Мындай акыбалга кабылып, азап тартарым үч уктасам түшүмө кирбеген оор жагдай…Күйөөм экөөбүз аз күн гана сүйлөштүк.

Шаардык менин шартыма туура келген турмушу, абалына карап турмушка чыгып кете бердим. Бирок, менде чын жүрөктөн деле жактыруу сезими жок эле. Бир чети «Качан турмушка чыгасың?» деп тууган-туушкандарым кулактын кужурун алган сөздөрдөн кутулгум келдиби, айтор, турмушка узап кете бердим. Биздин үй-бүлөлүк турмушубуз уланып жатты. Бирок супсак. Негедир муздак күндөр бүтпөчүдөй уланат. Жашоо кызыксыздай. Күйөөмдөн мага жаккан сапаттарды издечүмүн. Бирок таппайм. Мени бактылуу кылып баарына жетишип койгондой, анын башка сулуу айымдарга көз салганычы! Андан негедир мага болгон сыйды, сүйүүнү күттүм. Көпкө күттүм. Акыркы күндөрү ортобузда ажырым пайда болуп, ортобуз муздап бараткансыды. Ажырашуу тууралуу ой келе баштады. Анан турмушумда бир өзгөрүү болду. Күйөөм ойнош таап алгандай күндөп-түндөп үй бетин көрбөй жок болуп кетчү болду. Үйдөгү үп, ысык абалга чыдабай кечкурун сейилдөөгө чыктым.

Жол бою жалгыз, үнсүз ойлуу келе жатканымды байкаган бейтааныш жигит жолумду утурлай чыкты. Аты Айдар экен. Таанышып калдык. Чет өлкөдөн жаңы эле кайтып келиптир. Кобурашып бирге бастык. Сымбаттуу, акылдуу, билимдүү да жигит экен. Ал ошол күнкү жолугушууда эле мени жылуу сөздөрү, аялзатына аяр жасаган мамилеси менен арбап алды.

Күйөөмдөн күтүп жүргөн мамилени андан таптым. Экөөбүз телефон номерлерибизди алышып, күнүгө сүйлөшүп, кээде ыгын таап жолугушчу да болдук. Тымызын. Жакында кош бойлуу экенимди билдим. Мен көпкө күткөн наристе Айдардан экенин жакшы билем. Менин Айдарга болгон сезимимди, андан кош бойлуу экенимди билсе, ажырашууга мажбурлап колумду сурарын да жакшы билем. Бирок бир турмушту бузуп, кайра башка турмуш куруп кетүү оңой эмес. «Чыдап жашай берейин» десем, күйөөмдүн башка жактырган айымы бар экенин жакшы билем. Кайчыланган тагдырлар. Балким күйөөм да менден таппаган жылуулукту ал айымдан тапкандыр. Артымда ата-энем, кайын журтум, калдайган калк мени карап тургансыйт. Айдардан да ажырагым келбейт. Бозоргон туманда калгансыйм. Эми мени кандай күндөр күтүп турат?

Баары белгисиз… . .

Айтурган

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: