Menu

Сыргак Абдылдаев Европадагы башпаанегин узартуу үчүн элди согушка чакырып…

Бөлүшүү:

Интернеттеги «Фейсбук» тармагындагы жеке баракчасына бийликти сындаган маалыматтарды байма-бай жазып, элди согушка чакырып, атайын бузукулук постторду жазып жаткан журналист Сыргак Абдылдаевге таң калып жатканбыз. Дегенибиз, ал алыскы өлкөдө жашайт, баш паанек сурап кеткен. Демек, биздин бүгүнкү саясатыбыздан толук деле маалыматы жок десек болот. Бирок, ой жүгүртүп көрсөк бир беткей эле бийликти сындап жатканынын жөнү бар экен. Көрсө саясий баш баш паанек менен Европада жүргөн Абдылдаевдин баш паанек алган мөөнөтү бүтүп жатыптыр. Эске салсак, ал убагында Бакиевдин режиминен качып кеттим деп өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок, Бакиев бийликтен кетсе деле кайтып келген эмес. Чынында ал эптеп шылтоо кылып, бычакталган жүйөөсү менен Европага кеткен. Эми, баш паанеги бүтүп калганына байланыштуу улам оюна келгенди жазып, укук коргоо органдарынан реакция болсо, «мына мага дагы куугунтук болуп жатат» деп мөөнөтүн узарткысы келип жаткандыгын баамдадык. Ал, акыркы күндөрү экс-президент Алмазбек Шаршеновичти азыркы бийликке каршы аттан, согушабыз, кан төккөнгө даярмын деп жазганы эсибизде. Арыдан бери болсок, кантет ыя.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: