Маданият тармагына кайсыл министр келсе дагы, анын тилин таап кызматын сактап келе жаткан кыргыз циркинин директору Курмангазы Исанаев эми ардактуу эс алууга чыгат окшойт. Жакында Исанаевдин кызматтан кол жууй турганы маалым болду. Бир кездери бүтүн коомчулуктун бүйүрүн кызыткан цирк тармагы ушу тапта ың-жыңсыз дымып, ал эми ошол эле маалда аталган тармакка акча бөлүнүп жатканын эске алганда Исанаевдин иши тамамдалаары толук чындык. «Келесоолор -өз жанылыштыгынан, акылдуулар – өңгөлөрдүн жаңылыштыгынан таалим алат» деп Отто Фон Бисмарк канчалык какшаса да аны Исанаев таптакыр окубай дагы, укпай дагы койгон экен. Дегеним, «Эч нерседен таалим албагандарды эмне кылуу керек?» деген собол узатып турубуз. Аттиң, Бисмарк тирүү болгондо бул соболума жооп бермектир.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ